Menu

Орусия Идлибге абадан сокку ура баштады

Бөлүшүү:

Шейшембиде Орусия менен Сириянын учактары Идлиб жана Хама провинцияларына, ошондой эле аларга жакын жайгашкан аймактарга абадан сокку урушту.

Бул чабуулдун алдында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп эгер Сирия президенти Башар Асад Идлибге кол салса, олуттуу гуманитардык катачылык кете турганын Сирияга, Орусияга жана Иранга эскерткен. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул эскертүүнү четке кагып, Трамп көйгөйгө толук жана ар тараптуу назар салбай жатканын белгилеп, Идлибди «терроризмдин очогу» деп атаган.​

Reuters агенттигинин билдиришинче, Штаб башчыларынын биргелешкен комитетинин төрагасы Жозеф Данфорд Идлибге ири аскердик чабуул жасоого каршы пикирин билдирип, жай тургундарга зыяны тийбегендей кылдат контртеррористтик операцияларды өткөрүүнү сунуштады.

Соңку бир нече жумадан бери америкалык жана европалык расмий адамдар Идлибди карамагына алуу үчүн Сирия өкмөтүнүн даярдап жаткан аракеттери боюнча тынчсыздануусун билдирип келишет. Алардын пикиринде, бул соккулар жай тургундар арасында чоң жоготууларга алып келиши мүмкүн. АКШнын Коргоо министрлиги эгер Сирия аскерлери Идлибде буга чейинкидей химиялык курал колдонсо, Вашингтон жооп чара көрөрүн да эскерткен. Америкалык басылмалардын маалыматына караганда, Пентагон жооп катары Сирияда бутага ала турган жерлердин тизмесин түзүп койгон.

Соңку бир ай ичинде Орусиянын Коргоо министрлиги да Сириядагы козголоңчулар химиялык курал колдонуп чагымга барууга даярданып жатканын бир нече жолу билдирди. Мекеменин ырасташынча, бул чагым менен алар Кошмо Штаттарга Асад менен анын союздаштарына сокку урушуна жол ачып берүүнү көздөшөт. Дамасктын өкүлдөрү батыш коалициясы кол салган күндө дагы Идлибди өз көзөмөлүнө ала тургандыктарын убадалашкан.

Dpa агенттигинин белгилешинче, аба соккулар Сирия армиясынын Идлибге жерден кол салуусун камсыздап берүү үчүн жасалууда. Идлиб – куралдуу сирия оппозициясынын акыркы таянычы болуп эсептелет. Ал провинцияда үч миллиондой жай тургун, анын ичинде бир миллионго жакын бала жашайт.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: