Menu

Аймактарды көздөй кетчү чыйыр жолдор

Бөлүшүү:

Тээ тетиги чыйыр жолдорду көрдүңбү уулум ? Ошол жолдор аймактарды көздөй кетчү жолдор. А биздин айылга кетчү жол даана эле көрүнүп турат.

Илгери 1972-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде математика факультетинде окуп калдым. Анда КПСС тарыхы деген сабактан Стакеева эже сабак берчү. Бир күнү ал эже баарыбызга шаар менен айыл-кыштактардын айырмачылыгын жоюу” деген темада суроо берип калды. Кол көтөрүп доскага чыгып, билишибизче бирден жооп берип 2,3,4 ала бердик. Мен эки алдым. Ошондо менин жообум төмөнкүчө болгон.

-Эже! Айылдагы жаштарды шаарга айдаш керек, ал эми шаардагы чалдарды айылга айдаш керек. Лениндин ою боюнча ошондо айырмачылык жоюлат, – десем аудитория күлкүгө толуп, күлбөс эжебиз:

– Тур, отур! Эки! Сен артист эле болуп албайсыңбы? – деген. Азыр байкасам, ошондогу менин жообум бир аз болсо дагы чындыгы бар окшойт.

Дегеним, союз таркап, эгемендүүлүккө колубуз жетээр замат айылдык жаштар шаарды көздөй чубап келе берип, борбор шаарыбызды айылга окшоштуруп ийдик. Атаганат ай, СССР убагында Фрунзе, азыркы Бишкек шаарыбыз “Жашыл шаар” деп аталчу эле.

Бул жылды президент Жээнбеков “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп атады. Чынында бир жылда аймактар өнүгүп кетээр эмес. Анткени СССР убагында шаар менен айылдын айырмачылыгын жоюш үчүн Ленинден баштап, канчалаган жылдар эмне деген эмгек, мээнет жумшап жатып союз кулады.

Мына эми жаңы ажобуздун бул идеясы туптуура.

Буга ура дешибиз керек.

Эми ичкич-жегичтер сырттан сынап карап турбастан жеңилин жерден, оорун колдон алып, ажобузга арка-жөлөк болушсун. Антпесе жалгыз кишинин колунан келбейт. Эми чет жерде жүргөн жаштарыбызды, шаарга “көчүп” келген айылды, аймактарды көздөй айдаш керек. Тээ илгерки союз кезиндегидей кыштактарда жаштарыбыз иш менен камсыз болуп, шатыра-шатман иштеп кетишсе анда кеп башка.

“Аймактарды өнүктүрүү жылы” бул “Калпак жылы”, “Too жылы” ж.б. эмес, айтылып эле иш бүтүп кеткидей. Бул өтө глобалдуу оор жүк. “күйүтүмдү кимге айтып, кимге барып өтүнөм” демекчи, акырында айтайын дегеним, мына 27 жылдан бери арабабыз ордунан жылбай, өзүңөр билип-көрүп тургандай бийлик ээлери ар тараптан өз көмөчтөрүнө күл тартып колдорунун, мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишинче элди тоноп, чөнтөктөрүн солоп жатып арабабыздын алдыңкы дөңгөлөктөрүн чү дегенде эле Акаев жулуп салды. Андан аз өтпөй, арткы дөңгөлөктөрүн Бакиев бырчырын чыгарды. Дөңгөлөгү жок арабаны азыркы ажо эмне кылат? Чогултуп алып аймактарды көздөй бет алабы?

Кана эмесе уулум, ажонун жарлыгын колдоп не бар, не жок айылды көздөй бет алалы. Жок дегенде өз айылыбызды өнүктүрүүгө өз салымыбызды салалы. Ошондо аймактарга, өлкөбүзгө салым кошкон болобуз.

“Ыр менен дың жерге барабыз,

Тайманбай багынтып алабыз”

деген ырды уктуң беле уулум…

Мамбеталиев Темирбек Талас облусу, Ынтымак айылы

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: