Menu

Кыргызстан долларды түрк лирасына алмаштырабы?

Бөлүшүү:

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстан-Түрк кызматташтык кеңеши жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышуу үчүн келүүсү чоң саясый окуя болуп, эски кыргыз бийлигинин тушунда солгундай түшкөн мамилени жандандыргандай болду. Бул эки өтө маанилүү иш-чарадан тышкары түрк лидери өз өлкөсү курган Бишкектеги ири мечиттин ачылышына катышып, дагы бир нече объектилерди кыдырып чыкты. Эрдоган ошондой эле 2-сентябрда Бишкекте өткөн кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышкан учурда кыргыз тарапты түрк лирасы менен экономикалык алака жүргүзүүгө чакырды. Эрдоган улуттук валютанын алсыроосун Анкаранын өз алдынча саясатына каршы акция деп баалаган.

Жыл башынан бери түрк лирасынын куну 45% төмөндөп кетти. Мындан улам Эрдоган АКШда өндүрүлгөн электрондук товарларга бойкот жарыялоого чакырган. Түрк президентинин билдирүүсүндө, доллар Түркиянын экономикасына терс таасир тийгизүүдө. Анкара өз валютасы – лираны Кытай жана Орусия менен соода-экономикалык кызматташтыкта активдештирип жатат. Эрдоган ушундай эле мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстан менен кызматташтыкта да карап көрүүнү сунуштады. Азырынча Кыргызстандын жогорку бийлиги да, экономист-эксперттер да бир тууган өлкөнүн башчысынын мындай сунушуна ак же көк деп жооп кайтара элек. Канткен менен сырткы соодада кеңири колдонулуп калган АКШ долларын түрк лирасына алмаштыруу экономикалык жактан гана эмес, саясый өңүттө да бир топ кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Себеби өзүн дүйнөлүк держава катары сезген АКШ дүйнөлүк коомчулукка таасирин улуттук валютасы аркылуу да тийгизет эмеспи.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: