Menu

Көчмөндөр оюнундагы негизги көйгөй ажаткана болду

Бөлүшүү:

“Той да болот, тойдун эртеси да болот”,- демекчи, көптөн бери элибиз менен мамлекетибизди түйшөлтүп, cap санаага салган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну да башталып, кызуу өтүп жатат. Айрым мүчүлүштүктөрдү эске албаганда, даярдык иштери ортодон жогорку деңгээлде болуп, дүйнө жүзүнө дагы бир ирет атыбыз чыкты. Негизги маданий иш чаралар өтүп жаткан “Кырчын” жайлоосунда маданият, искусство ишмерлери өз өнөрлөрүн тартуулашып, кыргыз элинин чыныгы көчмөн духун далилдей алышты. Анда ар бир облусттар менен райондордон барган өкүлдөр да улуттук тамак-аштан тартып, кийим-кече, ат оюндарын да көргөзүшүүдө. Тамак-аш демекчи, жегениң ашказанга түшүп, аш болгон сон, табигый муктаждыкты канааттандыруу керек эмеспи. Бирок ушул жагы барган адамдарды түйшүккө салып койду. Анткени уюштуруучулар тарабынан колдон келишинче суусу менен ажатканалар курулган менен алар жетишсиздик кылды. Мындан тышкары ар бир 30-40 метрге акы төлөнүүчү ажатканалар да иштеп жаткан менен ал жерлерде деле кезекке тургандардын катары узарып жатты. Бул маселени алдын ала социалдык тармактардын колдонуучулары кызуу талкуулашкан. Ал тургай ажатканаларга бир нече миллион сом бөлүнгөндүгү да көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан эле. Бирок канткен менен уюштуруучулар башка даярдык иштерин канааттандырарлык деңгээлде аткарышкан менен ажаткана көйгөйүн чече алышпаптыр. Себеби ар биринде экиден гана орун болгондуктан, кезекке тургандар көбөйүп кетти. Жок дегенде беш орун болгондо, мындай көйгөй жаралмак эмес беле.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: