Menu

Абылгазиевдин өкмөтүн күзүндө кетирүүгө негиз барбы?

Бөлүшүү:

Акыркы кезде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнүн дарегине: “Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат” таризинде сын-пикирлер көбөйдү. Экономикалык керсөткүчтөрдүн анча жакшы болбой жатышын, злге жакпаган идеялар менен чыгып олтурганын, “Коопсуз шаар” боюнча тендердин өтпөй калганын санап келишип, “Абылгазиев чабал жетекчи, иштен кетирбесе өлкө өлөт”- деп көзү ачыктык кылгандар чыгууда.

Бирок, 2018-жылдын 7 айындагы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнө саресеп сала турган болсок, тынчсызданууга эч негиз жоктой. Мына маселен, 7 айдын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин салыктык киреше бөлүгү 57,2 млрд сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 8,6 млн сомго көбөйгөн.

“Мунун натыйжасында биз социалдык төлөмдөрдү өз убагында каржылай алдык. Капиталдык салымдар 2,9 млрд сомго көбөйүп, жалпысынан 5,6 млрд сомду түздү. Учурда 494 объекгге курулуш иштери жүрүп жатат, алардын 150сү социалдык жана билим берүү мекемелери болуп саналат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 19 объект бүттү. Аз күндө дагы 35 объект ишке берилет”,- дейт премьер-министр.

Ошол эле кезде жаңы бийликтин тушунда өнөктөш өлкөлөр менен болгон соода-экономикалык мамилелер жакшыруу жолуна түшкөнү инвестициялардын көлөмүнүн 4,7 пайызга өскөнү далил боло алат. Эң негизгиси, экспорттун көлөмү 5,5%га өскөн, же 35,5 млн АКШ долларына көбөйүп олтурат. “ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине ата мекендик товарларды экспорттоочу 49 ишкана киргизилди. Буга президентибиз Сооронбай Шарипович Жээнбековдун Казакстанга, Өзбекстанга, Россияга жана башка мамлекеттерге болгон расмий сапарлары, андагы болгон сүйлөшүүлөр, келишимдер таасирин тийгизди”,- деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министрдин билдиргенине караганда, 2018-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу боюнча каражат бюджетке салынды. Ошондой эле 2018-жылдын 1-октябрынан тартып медицина кызматкерлеринин айрым категориясынын эмгек акысы да жогорулашы күтүлүүдө. Ошондой эле, жыл аягына чейин 693 мектепти интернетке кошуу каралган. Ошентип, республиканын бардык мектептери интернет менен камсыздалат.

Көрүнүп тургандай, Абылгазиевдин жетекчилигинде Кыргыз Өкмөтү элдин кызыкчылыгында тытынып иштеп келе жатат. Аны сындап, кетирүүнү каалагандар далилсиз, ушак-айың кептерди атайылап таркатып, саясий оюн башташууда. Мындай көрө албастык кыргызда ар дайым болуп келген, көңүл бурбай эле коёлу…

А.Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: