Menu

Өзбекстанда мектеп катчысы муунуп өлдү

Бөлүшүү:

Жизак облусунун Даштабад шаарындагы №50 орто мектебинде катчы болуп иштеген кыз мал короосунда асынып алды. Маркумдун туугандары ал ушак-айыңдын курмандыгы болду деп эсептешет.

“Кыз убагында турмушка чыга алган эмес. Шаарда ал өзү иштеген мектептин директору менен жүрөт деген сөздөр тараган. Маркум мындай шермендечиликти көтөрө алган жок”, – деди анын кошуналарынын бири.

Окуя 31-авгстта болгон. Бул факт боюнча тергөө жүрүүдө.

№50 орто мектебинин директору Ульфат Халиков кызматкеринин өлүмү баарын нес кылганын билдирди. “Ал абдан жакшы киши болчу. Асынып алганын угуп, таң калдык. Өз жанын кыйганга чейин баары эле анын жакшы маанайда жүргөнүн көрүшкөн. Биздин мектептин жетекчилеринин бири менен романы болгон деген сөздөр караандай калп ”, – деди ал.

Акыркы үч жылда Жизак облусундагы №50 орто мектеби экинчи жолу ММКлардын көңүлүн бурууда. 2015-жылы окуу жайдын дене тарбия мугалими сексуалдык жаңжалга кабылган. Анда окутуучу бачабаз экени жана 1-класстын эки окуучусун зордуктаганы кабарланган. Кийинчерээк мугалим 17 жылга түрмөгө кесилген.

 

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: