Menu

Нарын аймагында жаңы окуу жылына карата жаңы мектептин ачылуу аземи болду

Бөлүшүү:

Нарын районунун Эчки-Башы айылында Жусуп Иманалиев атындагы эски мектептин ордуна 225 орундук жаңы мектеп курулуп пайдаланууга берилди. Бул тууралу  парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Бир нече жылдан бери эски мектептин коопсуздугунан тынчсызданып келген айылдыктардын кубанычы чексиз.

Жаңы окуу жылын утурлап уюштурулган заманбап мектептин ачылышына Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Мектептин ачылыш аземинде айтылган маалыматтарга караганда элдин өтүнүч талабын өкмөткө жеткирип, жаңы мектептин курулушуна каражат бөлдүрүүдө депутат Чыныбай Турсунбековдун аракети чоң болгон.

Жалпы суммасы 64 967,1 миң сом турган мектептин курулушу сапаттуу бүткөрүлгөн. Спорттук залы жана башка бардык ыңгайлуулуктары камтылган. «Экарас-5» курулуш компаниясынын куруучуларына ыраазычылыктар айтылып, райондук админстрациянын, айыл өкмөтүнүн Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары тапшырылды.

Өз сөзүндө айыл калкын билим күнү менен куттуктаган Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жаңы мектептин курулушу менен жеткинчектерге билим-тарбия берүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жаралганын айтуу менен заман шартына ылайык окутуунун сапатын жакшыртууга айрыкча көңүл буруу керектигине басым жасады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: