Түркмөнстанда кабелдик телеберүү колдонуучулары үчүн бир нече орусиялык телеканал жеткиликсиз болуп калды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын сайты жазды.
Маалыматка караганда, 4-сентябрда Ашхабаддын жашоочуларынын көбү Орусиянын бир нече телеканалын көрө албай калышкан.
«Кабелдик деп аталган IPTV пакеттен телеканалдар жоголо баштады. Азыр «Россия 24», «Звезда» жана башка бир нече көңүл ачуу каналдары көрсөтпөй жатат», — деп жазды басылма. Аталган телеканалдар мамлекеттик «АшГТС» деп аталган провайдердин пакетине кирет.
Ашхабаддын тургундарынын билдиришинче, учурда «Түркмөнтелекомдун» абоненттери дагы орусиялык телеканалдарды көрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Алар учурда каналдардын жарымы алдын ала көрүлүп, жаздырып алынгандан кийин эфирге берилип жатканын кошумчалашты.
Былтыр Орусиянын ТНТ телеканалындагы «Камеди клаб» берүүсүндө Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу тамаша айтылгандан кийин ал канал кабелдик берүүлөрдүн пакетинен алынган болчу.
Өлкө жарандары акыркы үч жылдын ичинде массалык түрдө кабелдик телеберүүгө өтө башташкан. Буга түркмөн бийлигинин шаардын көрүнүшүн жакшыртууну жүйө келтирип, өз алдынча орнотулган спутник антенналарын ала баштагандыгы себеп болгон.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ