Menu

Араванда эмдөөдөн баш тарткандар арбыды

Бөлүшүү:

Араван районунда диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандар улам көбөйүп баратат. Ош облустук санитардык-эпидемиологиялык бекетинин райондор боюнча көрсөткүчтөрүнө таянсак, былтыр эмдөөдөн баш тарткандардын 58 пайызы Араванга таандыктыгы айтылат.

– Өткөн жылы Араван районунда 374 адам эмдөөдөн баш тартса, 2018-жылдын биринчи кварталында эле ушундай 217 учур катталды, – деп тызылдады Араван райондук санэпидемкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Чолпонбай Мурзубраимов. – Мындай үй-бүлөлөргө биздин кызматкерлерибиз такай түшүндүрүү жана ынандыруу иштерин жүргүзүп жатышат. Айла куруганда мечит, медреселерге дейре барабыз. Имамдар дагы түшүндүрүп, жумуш аткаргандай түр көрсөтүшөт. Бирок муну толук бойдон жок кыла албай мукурадык.

Баса, эмдөө бир гана илдеттен адам өмүрүн сактап калбастан, жашоонун узактыгына, жалпы иммунитетке жакшы таасир этээрин илим эчак эле далилдеген.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: