Menu

Ички иштер органдары эми реформаланат

Бөлүшүү:

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин теңтөрагалыгы астында жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жыйыны өттү.

Жыйында Ички иштер министрлигинин, ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын (ЖККББ) маалыматтары угулуп, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун концептуалдык негиздери кең-кесири талкууланды. Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын кызматкерлерине иш жүргүзүүнүн так ориентирлерин берүү зарылчылыгы баса белгиленди. Ошентип, ЖККББ системасындагы болжолдонгон бардык өзгөртүүлөр үч этап менен жүзөгө ашырылат: Биринчиси, кадрларды дыкаттык менен тандоо (коррупциялык түзүмдөр кыскартылып, кадрларды тандоонун механизмдери негизделет); Экинчиси, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоону уюштуруу (3-6 айлык курстар); Үчүнчүсү, мыйзамды бузгандыгы, анын ичинде жемкорлук үчүн сөзсүз түрдө жаза колдонулат деген принципте иштеген жаңыланган патрулдук милициянын иштөө критерийлерин иштеп чыгуу.

Жарандар менен иштешүүдө ЖККББ кызматкерлеринин жоопкерчилиги күч. Ошондуктан, калктын милицияга ишенимин арттырып, милиция кызматкерлеринин арасындагы жемкорлукту жоюу абзел! Башкача айтканда патрулдук милиция мамлекеттик интитут гана болбостон, ар бир жарандын өнөктөшү жана жардамчысы дагы болууга тийиш! Жакынкы аралыкта жумушчу топ жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча иш-чаралардын жалпы планын президентке киргизмекчи,- деди Эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов.

Эске салчу жагдай: 2018-жылдын 19-июлунда Президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн жарандык коому менен жолукканда, саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов жол кыймылынын коопсуздугун реформалоо маселелерин катуу көтөргөн. Ушундан кийин эле 2018-жылдын 10-августунда мамлекет башчысы менен жолугушууда маселе дыкат талкууланып, натыйжада Тамерлан Ибраимов жетек-теген эксперттик жумушчу топ түзүү че-чими кабыл алынган.

Айтмакчы, Эксперттик жумушчу топтун курамына Коопсуздук кеңешинин катчысы, Өкмөттүн Аппаратынын, Ички иштер министрлигинин профилдик бөлүмүнүн, жарандык сектордун өлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирген.

Алишер Токсонбаев

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: