Menu

Казакстан ооган аялдарынын укуктарынын корголушун жактайт

Бөлүшүү:

5-сентябрда Астанада “Ооганстандагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” деген аталышта аймактык конференция өтүп, декларация кабыл алынды.

Документте конференция катышуучулары Ооганстандагы кыз-келиндердин жашоо шартын жана билим деңгээлин жакшыртуу өлкө экономикасын көтөрүүүгө, экстремизм жана аймакты радикалдаштыруу чакырыктарына каршы күрөшүүгө түрткү берерин белгилешти.

Конференцияда аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камсыздаган кеңешме орган түзүү пландалды.

Казакстан өкмөтү 2019-2020-жылдары ооган аялдарына стипендия бөлүүгө даяр. Буга чейин Астана Ооганстан үчүн миң адис даярдап берүүнү демилгелеген.

Ооганстандагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча кийинки аймактык конференция 2019-жылдын сентябрь айында өтөт.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: