Menu

Трамп Поммершеймдин талапкерлигин АКШнын Тажикстандагы элчиси кызматына көрсөттү

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Жон Поммершеймдин (John Mark Pommersheim) талапкерлигин Тажикстандагы элчилик кызматка сунуштады. Жон Поммершейм – тажрыйбалуу дипломат, августтун ортосуна чейин АКШнын Казакстандагы элчилигинде иштеген.

Тажикстандын жаңы элчисинин талапкерлигин АКШ Сенаты бекитиши керек. Добуш берүү качан болору белгисиз. Акүй маалымдагандай, Жон Поммершейм буга чейин Владивосток, Кытай жана Жапонияда Башкы консул болуп иштеген.

Маалыматтарга караганда, башында келечектеги дипломат журналистика менен алектенген жана CNN телекомпаниясынын Москвадагы өкүлчүлүгүндө иштеген.

АКШнын Астанадагы элчилиги Жон Поммершейм дипломатиялык өкүлчүлүктөгү миссиясын өткөн айда жыйынтыктап, Мамлекеттик департаменттеги ишине кайтканын билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүк Поммершейм орус, немис, жапон жана кытай тилдерин мыкты билерин кошумчалады.

Учурда АКШнын Тажикстандагы элчиси кызматын убактылуу Кевин Коверт аткарууда. Ал Душанбедеги дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчылыгына элчи Элизабет Миллард былтыр августта кызматтан кеткенден кийин келген.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: