Menu

ИИМ: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү убагында коомдук тартипти камсыздоо үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлиги эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү убагында коомдук тартипти комсыздоо үчүн уюштуруучулук жана практикалык иш-чараларды аткарды. Бул тууралу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ички иштер органдарынын негизги тапшырмасы катары коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, андан сырткары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо эсептелет. Милиция ар дайым коомдук тартипти камсыздоо менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тапшырмаларды аткарууну камсыздашууда. Милиция кызматкерлери коомдук-саясий иш-чаралардагы кызматтык милдеттерин аткарууда ар дайым профессионалдуулугу менен айырмаланып келет. Бул ар бир милиционерден тапшырылган иштерге жоопкерчиликтүү мамиле кылып, кызматтык милдеттерине профессионалдуулук менен мамиле кылууну талап кылат.

2018-жылдын 2-8-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунун аймагында жана республиканын борбор шаарында Кыргызстандын тарыхындагы ири масштабтуу иш-чаралар өтүүдө.  Ички иштер органдарынын 6000 ашуун  кызматкерлери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын саммитинде жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын, андан сырткары республиканын конокторунун коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздашты. Андан соң, милиционерлердин бир бөлүгү Бишкекке келишип, өз кызмат ордуларына кайтышты. Биздин кызматкерлери күнү-түнү “Күчөтүлгөн” тартипте кызмат өтөшүүдө.

Азыркы учурда Ысык-Көл облусунда, тагыраак айтканда көчмөндөр оюндары өткөрүлүп жаткан аймактарда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчун Кыргыз Республикасынын ИИМдин АБПнын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Ысык-Көл ОИИБдин 2000ге жакын кызматкерлери иштөөдө. Бардыгы Чолпон-Атада шаарындагы “Ипподром”, “Кырчын” этношаарчасында жана башка маданий, спорттук иш-чаралар өткөрүлүүчү жайларда кызмат кылышууда.

2018-жылдын 27-августтан баштап иш-чараларды өткөрүүдө, ошондой эле өтө турган эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы кызматын өтөөдө “Күчөтүлгөн” тартипке өткөрүлгөн. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын жана конокторун ар убак ички иштер органдарынын атайын кызматтарынын, атайын багыттагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин күчү менен камсыздашат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү маалында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздукдугун камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам штабы түзүлүп, күнүгө иштөөдө жана аларга өздүк курамдын күчүн жана каражатын башкаруу менен бөлүштүрүү тапшырмасы жүктөлгөн.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда жол кыймылын жөнгө салуу максатында республиканын ар бир облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан 700 ашуун кызматкерлер тартылды. Кызматкерлер коноктордун тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздашууда. Катышуучулар менен конокторго алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, ЖКККББ тарабынан атайын III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып даярдалган брошюралар таратылды. Жолдордон коопсуз өтүү үчүн багыттамаларды көрсөтүшүп, жардам беришүүдө.

Андан сырткары, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда жол кыймылын жөнгө салуу максатында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаажолунда убактылуу 9 блок-посттор жайгаштырылып, милиция кызматкерлери бекитилген багыт аркылуу айдоочуларга жол көрсөтүшүүдө.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББгы тарабынан Көчмөндөр оюндарын өткөрүү маалында жол кыймылынын эрежелерине тиешелүү маселелер боюнча күнү-түнү иштей турган 1262 атайын ишеним телефону (чет өлкөлүк туристтерге англис тилинде сүйлөгөн операторлор каралган) иштөөдө. Ишеним телефонуна жол кыймылынын коопсуздугу, жол кыймылынын эрежелери, автоунааны токтотуучу аймактар тууралуу кайрылышса болот. Ишеним телефону күнү-түнү иштеп жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: