Menu

Абдыкаар Абдырахманов, Апрель Баатыры: Эки ыңкылап тең элдин үмүтүн таптакыр актаган жок

Бөлүшүү:

Абдыкаар аба Абдырахманов 82 жашты чапчыса деле дагыле тың. Тээ Союз маалында Айыл чарбасына Эмгек сиңирген кызматкер наамына татыган. Кыргызстандагы 2005-жылдын 24-мартындагы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптарга эң активдүү катышкан.

– Абдыкаар аба, эмнеге эле жылаан чакпай, жылкы теппей Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигин бекем айланчыктап калгансыз?

– Район акими Бактыбек Алайчиев өзү чакыртыптыр. Мени “Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры” наамына сунуш этишиптир. Канчалык ынандырышканы менен мен буга дагыле ишенбей турамын, үка?

– Эмнеге?

2005-жылдын 24-мартында туңгуч президентибиз Аскар Акаевдин бийлигин араң кулаттык. Анын эң олуттуу катачылыктарынан экинчи президентибиз Курманбек Бакиев деле сабак алган жок! А кишинин жакын санаалашы болсом дагы, 2010-жылы 7-апрель ыңкылабына активдүү аралаштым. Ошентип, мурдун таптакыр балта кеспеген экинчи ажобузду акыры Минскиге кууп тындык.

– Муну менен не демекчисиз?

– Ырасын айтканда, биз жүзөгө ашырган эки ыңкылап тең элдин үмүтүн таптакыр актаган жок! Кана, Алмазбек Атамбаев бийлеген алты жылда, же болбосо Сооронбай Жээнбеков башкарып жаткан бир жылдан бери Кыргызстанда бир нерсе өзгөрдүбү, ыя? Албетте, жок!!!

Менимче, Борбордук башкаруу системасын чукул арада толук кандуу өзгөртмөйүнчө, мындайча айтканда, реформаламайынча, дагыле заманабыз эч оңолбойт! Президенттик бийликти кайрадан токтоосуз түрдө калыбына келтирип, анан муну бара-бара күчөтүп, жоопкерчиликтүү өкмөт, аймактардан шайланган кубаттуу парламент күтмөйүнчө, ушинтип дагыле чайналып жүрө беребиз. Керек кезде өлкө жетекчиси губернаторлорду, акимдерди, министрлерди өзү гана дайындап, ал эми айыл өкмөттөрүн акимдер гана бекиткени оң! Мындан башка жолубуз жок!

– Абдыкаар аба, буга, мындайча айтканда, Сиз айтып жаткан Конституциялык реформага азыркы Кыргыз бийлиги деги өзү даярбы?

– Конституциялык реформа – мезгилдин кечиктирилгис талабы. Аны бүгүн жүргүзбөсөк, эртең кеч! Ошону үчүн президентибиз Сооронбай Жээнбеков чукул арада референдум жарыялашы кажет! 2020-жылды күтсөк, анда анык саясий жана экономикалык катастрофага кабылабыз. Дал ошондо чыдамы түгөнгөн калк жапырт көтөрүлсө, анда кантесиңер? Эл агымын ким токтотот?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: