Menu

Түрк президенти элге түштү

Бөлүшүү:

Кайсыл өлкөнүн болсо да мыйзам-ченемдүү жол-жоболору бар. Ошондуктан баары ченемге кирген “рамкадан” чыкпоого аракет кылат. Бирок, бекем эрки бар падышалар кээде тобокелчиликке да барып коюшарын байкадык. Маселен, Түркиянын президенти Рэжеп Тайып Эрдоган Кыргыз жергесине келгенде котологон элди көрүп унаанын терезесинен эле кол булгалап коюну эп көрбөгөнүн ачыктады. Кортежден түшүп келип кыргыз эли менен жылуу-жумшак кол беришип учурашканы анын өзгөчө эл башы экенин тастыктады. Мындай баатырдык, айкөлдүк сапатына баарыбыз үлкөн баа бердик.

Тилекке каршы биздин ажолорубуз чектеп койгон “протоколдук” иш-чарадан сырткары кадам таштай албаганын көрүп эле келатабыз. Элдикмин деген президенттер керек болсо башка өлкөнүн “ааламында” деле чечкиндүү кадамдарды жасап коюшат экен. Деги качанга чейин совет доорунун чийип койгон “тегерегинен” чыкпай жүрө беришээр экен биздин бийлик башындагылар? Карапайым элдин чыныгы турмушун, азыркы абалын, көйгөйүн жеринен көрүүгө убакыт келгендир? Качан сөздөн ишке өтүп, тамырлап кеткен эски, элге жат жосундардын омурткасын сындырат? Мезгил ошону талап кылып жатпайбы…

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: