Бир жума мурда өзбек-кыргыз чек арасындагы тосмодон ири көлөмдөгү акча каражаты колго түшүрүлдү. Наманган облусуна караштуу Янгикурган районундагы Гязнун калктуу аймагында шектүү эки унаа токтотулуп текшерилгенде 5 миллион 300 миң америка долларын алып бараткан үч адам кармалды. Аларды сурак кылганда бул каражатты Кыргызстанга жеткирүүбүз керек болчу деп мойнуна алышкан тигилер. Чамасы тосмодо бөтөн адамдар кезметте туруп калышкан же болбосо рейдге туш болушса керек деген ой жаралат.
Арийне, мындай көмүскө иштер менен алектенгендер буга чейин деле кыңыр иштерин жөндөп келишкени калп эмес. Биздин айрым шылуундардын да катышышы толук ыктымал. Андайлар болбосо биздин өлкөгө балээни миллиондогон долларлар киргизилет беле? Мындан сырткары баңги заттарды, контрабандалык товарларды чек арадан өткөрүп жүргөндөрү боюнча фактылар болгон. Эгерде түзүктөп казышса “босстордун” деле келбеттери аныкталмак, бирок ага чейин жеткиришпейт го? Себеби, мындай мафиянын артында кол жеткис күчтөр тураары белгилүү.
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ