Menu

Парламенттеги былыктардан качан арылышат?

Бөлүшүү:

Ошентип күздүн алгачкы жели сого баштады. Эл өкүлдөрү каалагандай эс алып келишти. Анткени менен өзүн өзгөчө “статуста” кармагандар эс алууну айкын иштери менен айкалыштырууну көздөштү.

Фракция лидерлеринин өз алдынча жүргүзгөн саясий иштери болбойт деп эч ким айталбайт. Анын үстүнө учурда мамлекетте “прогноз” жасоого оболу парламент киришерин акыл-эси барлар жакшы билет. Ар кандай тосмолорду жарып таштоого, тескерисинче бөгөт жаратууга парламент гана акылуу. Ошондуктан ажобуз деле, өкмөт башчы дагын буларга саресеп салууга муктаж. Антпесе “кызыл эт өрдөктөрдү” учурууга маштар будуң-чаң салып жиберүүсү ыктымал. Бекер жерден “бунт” чыгаруунун акелерин башынан сылап, жоошутуп өз үйүрүнө кошууга далалат жасалбайт да? Эмнеси болсо да кыял, жоруктарга ийкемдүү мамиле жасалышы талапка ылайык келиши шарт.

Арийне, алдыда орчундуу маселелер күткөнү ырас. Маселен Акыйкатчыны электен өткөрүүгө парламент жең түрбөсө иш ордунан жылбайт. Бул орунга көзүн кылыйткандар жок эместигин танбайбыз. Ар бир фракциянын кызыкчылыгы сөзсүз болору анык. Бирок, баары бир жогору жактын көз кырына дал келген талапкер Акыйкатчы болорун деле кыстара кетели. Талаш-тартыш анчалык сезилбейт деп койсок ынанымдуу болмок. Мэрлерди шайлоону жүзөгө кандай эптүү ашырган болсо бул ирет да ошол жосун кайталанбайт деп кепилдикке кана ким өтө алат? Жарандык активисттердин деле күчү чакталуу. Кыйкырып эле жарым жолдо кала беришет.

Мээсин сергитип келген айрым “кычкыл тектүү” депутаттар жаңы күзгү демилге менен чыгаары деле айныксыз. Исхак Масалиевден ушундай “демдүү” демилгелер чыгышы турган иш. Анткени лөктөргө шыйпаңдоонун үлгүсүн биринчилерден болуп көрсөтүүгө ал киши ынтызар. Дале болсо экс-ажонун кол тийбестигин алып таштоо боюнча “дүбүрт” чыгаруунун башында болууга кам көрөт деп кескин түрдө айтууга неге болбосун? Негизи адам ириде өзүнүн келбетин күзгүдөн бир карап алып шерденүүгө барса адилеттүү болмок. Кумар оюндарына берилген, шектүү мейманканалардын “коногу” катары таанылган, өз партиясын өнтөлөй албаган кишинин демилгесине муктаж болгондордун деле абалы анчалык эмес окшойт деген шек саноо пайда болору чын. Ары жоктугун ачык билдирип салуудан артык “бакыт” болбостур? Андайлар намысына келбейт экен.

Негедир кээ бир депутаттардын “көмүскө” иштери боюнча да маалыматтар чыга баштады. Сагындык Келдибаевдин орус жарандыгы бардыгы боюнча “свежий” кабарлар көзгө урунду. Орус паспорту менен чет жактарга учканы боюнча фактыларды иликтөөчүлөр эми чындап табышар бекен? Исхак Пирматов болсо көптөн бери куйругундагы шакмарын өзү менен кошо сүйрөп келатат. Мунун акырына чыгуунун убактысы келген шекилди. Азис Турсунбаев тууралуу да шектенткен кабарлар жарк этти. Эгерде ал жоболоңдуу “каармандар” менен алакасы болгон болсо аны да тергеп ачыкка чыгарышсын “из кубарлар”. Качып кеткендер баары бир келбейт. Эмне үчүн Аскар Шадиевдин мандатын алууну кечеңдетиши керек? А балким маянасын өзү алып жүргөндүр деген кытыгылуу суроо жаралат. Кожобек Рыспаев социал демократтар партиясынын катарынан чыгарылды, эми ал башкарган комитеттин маселеси талапка шайкеш чечилеби? Осмонбек Артыкбаевдин тагдыры кандай болот? Айтор, баш катырган маселелер парламентте арбын.

Коомчулукта бүйүр кызыткан имиштер жортуп жүрөт. Азыркы ЖКнын төрагасы Дастан Жумабековдун отургучу кыйчылдап калды, аны кетирип Иса Өмүркуловду спикер кылып дайындашат экен деп соктурушкандардын кебинин өңүтү каякта? Сөздү бурмалап жиберүүгө маштар туура ойдун башатын булгап жиберүүнү көздөшөөрү турган иш. Ошондуктан бийлик бутактарындагы башчылар абайлап сүйлөөгө аракеттениши зарыл экендиги мезгилдин өктөм талабы десек болот. Болбосо жумурткадан кыр чыгарууга умтулгандардын курмандыгына айланасыңар, ак жакалуу атка минерлер. Кандай болгон күндө да парламент кыймылга келди. Башкысы – элдин табитине бап келген иштерди жасоого бет алышса оң болорун айтып коелу.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: