Menu

Руслан Девяткулов, Чүй облустук бассейндик суу чарба башкармалыгынын жетекчиси: «Жакшы сугат – данга кубат»

Бөлүшүү:

Адам баласына да, табигатка да суунун бар болушу чоң табылга. Эгерде суудан жарыбасаң эккен эгиниңден түшүм алалбай нансыз каласың. Ал эми кырманыңда жетиштүү кызылың болбосо элиң ачка калат. Ошондуктан суунун ролу эң башкы орунда турат. Ушул жааттагы иштердин жүрүшү боюнча башкармалыктын жетекчиси менен баарлашканбыз. Анда эмесе сөзүбүздү ошол тарапка буралы.

— Руслан мырза айтсаңыз, дегеле быйыл сугат иштерине кандай даярдыктар көрүлдү эле?

— Негизи Чүй облусунда бардыгы болуп 321,6миң гектар сугат жери бар. Бул жерди сугаруу үчүн 6978 чакырым канал, анын ичинде 1624 чакырым чарбалар аралык канал жана 5334 чакырым ички чарбалык канал колдонулат.

Сугат каналдарынын 3094 чакырым жерине бетон төшөлгөн. Сугаруунун негизги булагы болуп Чүй дарыясы эсептелет. Суу жалпы көлөмү 470 миллион кубометр келген Орто-Токой суу сактагычынан келет. Мындан тышкары Чүй облусунда көлөмү 241 миллион кубометр келген суу сактагычтары жайгашкан.

2018-жылдын эрте жаздагы мезгилине карата 36,8 миң гектар аянтты сугаруу керек болсо, иш жүзүндө 18,44 гектар жер сугарылган. Фермерлер, ижарага суу алуучу дыйкандар эрте жаздагы сугатка кайдыгер карап анчалык көңүл бурушпаганы өкүнүчтүү. Мунун өзү түшүмдүүлүктүн кемишине алып келет. Ошондуктан дыйкандар ушуга маани беришсе майнаптуу болмок.

Көздөгөн чектерди багындыруу үчүн биз бир топ уюштуруу иштерине көңүл бурдук. Райондук гезиттерге сегиз ирет пайдалуу сунушубузду келтирип макалаларды чыгарттык. Теле көрсөтүүлөр боюнча да алты жолу дыйкандарга кайрылып, өзүбүз түшүндүрмө бердик. Жаан-чачын быйылкы жылда арбын жаагандыктан сугат сууга мурдагыдай суроо-талап болбоду. Антсе да айрым райондордо суунун тартыштыгы сезилди. Маселен, Ысык-Ата районунун Ново-Покровка, Логвиненко, Нурманбетов жана Интернациональная айыл аймактарында, Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча атайын штабдар түзүлүп, көзөмөлдүк жүргүзүлүп турду. Сууга муктаж болгондордун талабын орундатууга өзгөчө маани берилди.

— Бурмалабай эле айтсаңыз, суу тартыштыгы боюнча даттануулар болдубу?

— Албетте, андай дооматтар болуп жатты. Мисалы, Сокулук районундагы Нижне-Чүйский айылынан бир фермер сугат суусунун жетпей жатканы тууралуу арыз менен кайрылды. Текшерүүнүн жүрүшүндө сугат суусу бардык каналдарда суроо-талап менен толук өлчөмдө берилгени такталды. Суу пайдалануучулар бирикмесинде сууну бөлүштүрүүдө кемчиликтер кетирилгени аныкталды. Ошондуктан мындай учурда ишти кылдат жүргүзүү керектиги белгиленди.

— Иш болгон жерде чиеленишкен маселелер болору маалым. Силерде чечилбеген кандай көйгөйлөр бар?

— Аларды айтсак даттангандай болуп калабыз го? Ошентсе да айрымдарына токтолуп кетейин. Акыркы 25–30 жылда Чүй облусунда жер жана суу ресурстары боюнча жылыштар болгон жок. Кыргызстанда жүргүзүлгөн жер-суу реформасына байланыштуу колхоздордун, совхоздордун ордуна суу пайдалануучулар ассоциациясы жана миңдеген эркин дыйкан чарбалары түзүлгөн. Агротехникалык жана гидротехникалык кызматтын баары кыйроого учураган. Ошондуктан жерди которуштуруп айдоого, жаңы ыкмаларды колдонууга чара көрүлбөй келет. Айыл чарба техникаларынын жетишсиздиги, үрөндүн сапатсыз болушу түшүмдүн мол болушуна тескери таасирин тийгизүүдө.

Сугат маселесине келгенде да кыйынчылыктар бар. Каналдардын оңдолбогонунан керектүү көлөмдө суу агызылбай калууда. Анткени андай учурда суу коромжуга кептелет. Чыр-чатактын баарысы суу талаштан башталат. Суу пайдалануучулар ассоциациясынын балансында турган ички чарбалык каналдар өз убагында ремонттон өткөрүлбөгөндүктөн коромжу 30–40 пайызга чыгып кетет. Ушундай оорчулуктарга карабай Чүй облусунда экинчи сугат менен 296,3 миң гектар аянт камсыз болду. Бүгүнкү күндө бул багыттагы иштер токтотулбай улантылууда. Анткени алдыда дагы вегетациялык эки ай убакыт бар.

Алмаз Абраев

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: