Menu

Мугалим-мөмөлүү дарак: Гүлсүн эжейге рахмат

Бөлүшүү:

Табиятынан тарбиячы, мугалим болуп төрөлгөн адамдар болот, ошолордун бири биздин сүйүктүү эжекебиз — Полотова Гүлсүн. Айрыкча башталгыч класстын мугалими болуу да өзүнчө чеберчиликти талап кылат. Бала менен бала болуп, кээде урушуп, кээде эркелетип, баланын көңүлүн сабакка бурдуруп, калыптандыруу өзүнчө эле машакат. Өзүнүн сүйүктүү да, мээнеттүү да ишин майын чыгара иштеп, кичинекей айылына чоң эмгек өтөп, анан ошонун урмат-сыйын да көрүүдө.

Бир жерде туруктуу 48 жыл бала окутуп, тарбиялоо ишинде болуу дегендин өзүндө эле канча талыкпаган, чарчабаган эмгек турат. Эженин колунан тарбия-билим алган окуучулары учурда ар тараптуу тармактарда иштеп элге кызматын кылышууда. Ошол сүйүктүү окуучуларынын бири учурда эл кызматын аркалап, чоң ийгиликтерди жаратып жаткан Тиллахан Мурзабекова эжейинин эмгегин баалап, рахмат айтып, жаңы окуу жылы башталып турат, 1-сентябрь билим күнүнө жана октябрь айындагы мугалимдер күнүнө карата эжеге белек болсун, эмгегин эл билсин деп ушул макаланын жазылышына себепкер болду.

Гүлсүн эже Баткен облусунун Кадамжай районунун, Халмион айыл өкмөтүнүн Чекелик айылынын № 12- М. Юсупов атындагы “Жошук”орто мектебинде 1969-жылдан бери башталгыч класстын мугалими болуп иштеп келди. “Окутуп жатып окуйм, үйрөтүп жатып үйрөнөм” деген Макаренконун сөзүндөй, эже да билимин өркүндөтүп, тынымсыз изденүүнүн үстүндө жүрдү. ОГПИнин биология факультетин бүтүрүп, мектепте биологдор көп болгондуктан, эмгек жолун башталгыч класстардан баштагандыктан, ушул ордунда калып иштеп, иш тажрыйбасын байытуу максатында 5–6 жолу Ош шаарында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана жаштар саясаты башкармасынын Ош облустук мугалимердин билимин өркүндөтүү институтунда окуду. Алган билимин жаш муундарга билим берүүдө пайдаланып, эже иштеген № 12- “Жошук” мектебинин тарыхында биринчи болуп, эженин окуучулары медалдын ээлери болушкан.

Жаш муундарды тарбиялоодо жана билим берүүдөгү эмгеги бааланып, Билим берүү министрлигинин грамотасы, Билим берүүнүн отличниги, дагы башка көптөгөн дипломдор жана алкыш, сыйлыктардын ээси. Окуучуларга турмуштук активдүү позицияны калыптандырууда сабактын жаңы формаларын ар дайым пайдаланып, ал аркылуу окуучулардын аң сезимине таасир этип, аларга ой жүгүртүүгө, өз алдынча иштөөгө багыт берип, алардын жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында тынымсыз окуучулар менен иш алып барды.

Эжей окуткан класстын билим сапаты 75–80% дан эч кем болгон эмес. Мектепте өткөрүлгөн класстан тышкаркы иштердин бардыгына классы менен активдүү катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келди. Эжейдин окуткан сабактарын, класстан тышкаркы иштерин педагогикалык жамаат жогору баалайт. Мисалы, “Алиппе билим башаты” деген иш- чарасы жогору бааланып, эженин иш тажрыйбасы мектептик, райондук деңгээлде жайылтылган. Өзүнүн өтөгөн иши жөнүндө Гүлсүн эже мындай дейт:

— Ар бир сабакты инновациялык ыкма менен көргөзмөлүү өтүүгө көнгөнмүн, сабак балдарга жугумдуу болушу зарыл. Баланы эч качан бош калтырбоого аракеттенем. Бардык окуткан класстарымда адатка айланган нерсе — бир алманы 30 окуучуга жеткизем, бул ынтымак, биримдикке үндөйт деп ойлойм. 50 жылдын ичинде 15 класс окуткан болсом, ар бир класста 19 дан 38 окуучуга чейин билим бердим. Ушундай жетишкендиктерим өкмөт тарабынан бааланып мамлекет тарабынан бир нече сыйлыктардын ээси болдум. Бул менин эмгегимдин үзүрү, Кудайга шүгүр. Ийгиликтерди жалгыз жасаган жокмун, мага чейинки эже-агайлардан үйрөндүм, чогуу иштешкен кесиптештер: Тешебаева Зымырат, Байзакова Ырыстар менен атаандашып эмгектендик.

Айрыкча эстеп кете турган жылдар бул элдин турмушу өтө оор абалга келген 1990-жылдар болду. Ачарчылык, элдин көбүндө нан жок, мугалимдерге айлык жок, 6–7 айга чейин күтүп, аягында акча ордуна колхоз буудай берген жылдар болду. Биз ошондо да мугалимдикти таштаган жокпуз, мектепке нан алып барып, ачка кумсарган окуучуларыма бөлүп берген убагым болгон. Ошондо да билим берип окутуп, сабактарга кызыктырып, окуучуларды өзүбүзгө тартып жүрдүк. Акырындык менен кыйынчылыктан да чыктык, азыркы учур жыргал да, болгону талыкпай эмгектениш керек.

Эми жаш мугалимдерге айтаар насаатым, билимиңерди өркүндөтүп, жаш муундарды талыкпай өтө зээн коюу менен окуткула. Баланы бош калтырбагыла! Заманга жараша азыр өздөрү Россияда жүрөт, биякта окуулары бүтүп, диплом алып атышат. Мындай көрүнүштөр менен элдин келечеги, баланын тагдыры кандай болот? Суранарым, билим берүүдө окуу жайларда талапты окууга катуу койсо, акчага эмес. Коррупцияга малынбай, эл-журттун келечегин ойлойлу!

Коррупция демекчи, президентибиз Сооронбай Жээнбеков коррупционерлерге каршы, алардын тамырын жок кылганга аракеттерди жасап жатат. Бул аракеттер келечектен жакшы нерселерди үмүттөндүрөт. Президентибиздин бул саясатын биз мугалимдер, айылдыктар кош колдоп колдойбуз, айрыкча билим берүүдөгү илешкен коррупцияны түп-тамырынан жок кылса, келчек муундарга кылган чоң жакшылык болот эле. Президентибиз ушул жана башка көптөгөн жакшы иштеринен жыйынтык чыгарып иштешине тилектешмин.

Эмгегимдин акыбети ушул- элим ыраазы, көптөгөн рахматтын ээси болдум, ошол менин сыйлыгым. Мугалимдик кесипти өтө сүйгөндүктөн, бир нече жүздөгөн окуучулардын колун кармап, сулуу жазууга, көркөм, шар окууга, адептүү, ыймандуу, элдин керегине жараган окуучуларды окуттум. Окуучуларымдын көпчүлүгү мугалим, медик, айыл-чарбада, үй-бүлө, бала-чака багууда эң жакшы эмгектенип, эл үчүн кам көрүп жатышат, мен бул окуучуларым менен сыймыктанам.

Эжей учурда ардактуу эс алууда жүргөнүнө карабай, мектеп жетекчилеринин жана ата-энелердин суранычы менен мектепте ишин улантып, тажрыйбасын жаштарга үйрөтүп, эмгектенүүдө.

Жолдошу экөө эки уул, эки кызды чоңойтуп тарбиялашты. Балдарынын үчөөсү жогорку билимдүү, чоң уулу майор чинге жетти, салык инспекциясында иштейт. Кичүү кызы да мугалим, бир уулу дыйкан. Айта кете турган нерсе улуу кызы жогорку окуу жайын бүтүрүп, мугалим болуп иштеп жатканда төрөттөн каза болуп, эжейди чоң кайгыга салып кетти, баланын жамандыгын көрсөтпөсүн, мындай жоготууну көтөрүү да оңой эмес, канткенде да түбүнөн кайраттуу эжебиз башын жерге салып муңкурап калбай, дагы да болсо эл керегине жарап эмгек үстүндө.

Акырында айтаарыбыз, өзүнүн эмгеги менен бакыт тапкан, талыкпай иштеп, эл кызматында жүргөн эжейибизге бекем ден- соолук, узун өмүр, элдин, өзү тарбиялап өстүргөн окуучуларынын урмат-сыйына татып жүрө бериңиз демекчибиз!

Зулхабира Ажыматова

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: