Menu

“Бозымчакты” жаманатты кылуу аракети суу кечпей жатат…

Бөлүшүү:

Бир топ убакыттан бери өздөрүн “кыргыздын патриоту, коомдук активист” эсептеген адамдар тарабынан казакстандык инвесторлор «ийгиликтүү иштетип келе жаткан “Бозымчак” кенине байланыштуу арам, далилденбеген ушактар таркатылып жатат.

Буга чейин “Фейсбук” баракчасы аркылуу өзүн “патриот” эсептеген Кылыч Шанаев 27 жаштагы Маматкерим уулу Айбек “Бозымчакта” иштеп жүргөндө рак дартына чалдыгып, каза тапкандыгы тууралуу далилденбеген ушак таркаткан. Андан башка да толтура имиштерди чыгарган. Ал казакстандык инвестор кенден эбегейсиз түрдө алтын ташып кетип жатканы аз келгенсип, экологияга орду толгус зыян алып келип жатканын да уялбай элге жайган.

А чындыгында, компания жез концентратын гана өндүрөт, алтындын бир тоннадагы үлүшү болгону 0.034 граммды түзөт. Бир жылда 30 миң тонна концентрат өндүрүлүп, жезди андан ажыратуу Балхашта жүргүзүлөт. Башкача айтканда, баалуу металлды алуудагы зыяндуу технология Ала-Буканын тоолорунда колдонулбайт.

Ошол эле учурда Кылыч Шанаев карандай калп сүйлөп, элди атайылап дүрбөтүп жатканы талашсыз. Себеби, рак дартына миңдеген адамдар иштеп жатса, алардын баары зыяны болсо, чалдыгат болчу да. Экологиялык абалды мамлекеттик органдар тынымсыз текшерип турат. Ракка эки гана учурда тукум куучулук же нервдин жукарышы гана алып келери белгилүү. Адистер билет.

Бирок, “Бозымчакта” иштеген калктын 95 пайызы жергиликтүү тургундар болуп, алардын бири да ден-соолугу боюнча даттанбаганын билсе да, Кылыч атайылап каза тапкан баланын атасын көкүтүп, “миллиондорду өндүрүп беребиз”- деп алдаганы чектен чыккандык.

Эми болсо, элди Бактыбек уулу Матен деген бала дүрбөтүп жатканын уктук. Бул бала Кыргыз-Орус Славян университетинин 6-курсунда окуп жатат. Ушул бала диплом алалбай жатып, өзүн көрүнүктүү дарыгер катары тааныштырып, ошол каза тапкан баланы “Бозымчакта” иштеп ракка чалдыкканын айтып түгөтө албай келет. КРСУнун медицина факультетин бүтүрө албай жатып, диагноз койгудай ал ким болуп калыптыр? Рак дартын бир гана онколог врач гана аныктай алат. “Атың чыкпаса, саман өрттө”- деген эле принцип менен ойго келгенин урдура берсе эл ишенип калабы? Айтор, жергиликтүү калктан бизге телефон чалуулар түшүп жатат, “тынч жүрүшпөсө, өзүбүз сазайын беребиз!”- деп. Кеч боло электе акылыңа келсеңерчи бай болгурлар!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: