Menu

ИИМ ДКО-2018 өткөрүү учурунда коомдук тартипти камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралу пресс-конференция өткөрдү

Бөлүшүү:

2018-жылдын 5-сентярь күнү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маалында ИИМдин бир катар кызматтарынын жетекчилиги пресс-борбордо III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы маданий, спорттук иш-чараларды чагылдырууга келишкен ата-мекендик жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарына пресс-конференция өткөрүштү. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Пресс-конференцияга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сапар Асаналиев, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Канат Джумагазиев, башка министрликтин жана түзүмдөрдүн жетекчилери катышышты. Пресс-конференциянын катышуучулары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маалында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, андан сырткары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтып өтүштү.

2018-жылдын 2-8-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунун аймагында жана республиканын борбор шаарында Кыргызстандын тарыхындагы ири масштабтуу иш-чаралар өтүүдө. Ички иштер органдарынын 6000 ашуун кызматкерлери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын саммитинде жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын, андан сырткары республиканын конокторунун коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздашты. 2018-жылдын 27-августтан баштап иш-чараларды өткөрүүдө, ошондой эле  эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы кызматын өтөөдө “Күчөтүлгөн” тартипке өткөрүлгөн.

ИИМдин КККнын башчысы Сапар Асаналиев белгилегендей, азыркы учурда Ысык-Көл облусунда, тагыраак айтканда көчмөндөр оюндары өткөрүлүп жаткан аймактарда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин АБПнын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Ысык-Көл ОИИБдин 2000ге жакын кызматкерлери иштөөдө. Бардыгы Чолпон-Атада шаарындагы “Ипподром”, “Кырчын” этношаарчасында жана башка маданий, спорттук иш-чаралар өткөрүлүүчү жайларда кызмат кылышууда. ИИМдин атайын кызматтары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын коопсуздугун күнү-түнү камсыздашат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү маалында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздукдугун камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам штабы түзүлүп, күнүгө иштөөдө жана аларга өздүк курамдын күчүн жана каражатын башкаруу менен бөлүштүрүү тапшырмасы жүктөлгөн.

Ал эми Канат Джумагазиев өз сөзүндө ЖКККББнын багыты боюнча төмөнкүлөрдү айтып кетти: III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда жол кыймылын жөнгө салуу максатында республиканын ар бир облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан 700 ашуун кызматкерлер тартылды. Кызматкерлер мамлекет башчыларынын жана эл аралык делегациялардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо үчүн күчөтүлгөн тартипти иштешүүдө. Андан сырткары, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда жол кыймылын жөнгө салуу максатында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаажолунда убактылуу 9 блок-посттор жайгаштырылып, милиция кызматкерлери бекитилген багыт аркылуу айдоочуларга жол көрсөтүшүүдө. Жер-жерлерде чет тилин билген ички иштер органдарынын кызматкерлери иш алып барышууда. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББгы тарабынан Көчмөндөр оюндарын өткөрүү маалында жол кыймылынын эрежелерине тиешелүү маселелер боюнча күнү-түнү иштей турган 1262 атайын ишеним телефону иштөөдө. Ишеним телефонуна жол кыймылынын коопсуздугу, жол кыймылынын эрежелери, автоунааны токтотуучу аймактар тууралуу кайрылышса болот. Ишеним телефону күнү-түнү иштеп жатат. Эки  күн ичинде ЖКККББнын ишеним телефонуна 500 ашык чалуулар түшкөн. Алардын ичинен 57 чет өлкөлүк коноктор. Ар бирине тиешелүү жардамдар көрсөтүлдү.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери эл аралык масштабтагы иш-чараларды өткөрүүдө өз салымдарын кошуушууда.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: