Коррупция боюнча шектелип камакка алынган Кубанычбек Кулматовго жубайы Жамиля Турганованы үч айдан бери жолуктурбай атышканын, мыйзамда көрсөтүлгөн укуктары тебеленгени боюнча кабарлашты. УКМК жетекчилиги бул боюнча кандай жооп узатат болду экен? Бул жерде Кулматовго атайылап карасанатайлык болуп атабы, же жөн гана күч түзүмүндөгү кайдыгерликпи? Түшүнүксүз. Айтмакчы, Сапар Исаковго жубайы Малика Арстанбекова бир айда эки жолу жолугуп атканын «Спутник» сайтына айтып чыкты. Негизи камакка алынгандардын күнөөсү бар же жогун сот гана аныктайт эмеспи. Мына ошол процесстерге чейин мыйзам алкагында Кубанычбек Кеңешовичтин укуктары так сакталса болбойт беле? Албетте, калыстыкты эскертип коюу парз экенин унутпайлы. Учурда дээрлик коомчулуктун бүйүрү кызып, коррупция айыбы менен камалгандардын күнөөлөрү канчалык деңгээлде далилденерин күтүп атышат. Эске салсак, бута чейин айрым чиновниктер миллиондорду жутканы, коррупция беренеси боюнча айыпталганы, натыйжада, камалышып эле кайра үй камагына чыгып кетип атышканы кандай? Алалабай баарына бирдей мамиле кылсак болбойбу?..
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ