Menu

Бажы кызматынын экс-төрагасы Адамкул Жунусовго издөө жарыяланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинде (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштарды кылды деп айыпталып жаткан, 2013-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызмат ордун ээлеп туруп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп,
“А.” ЖЧКнын өкүлдөрү жана Мамлекеттик бажы кызматынын башка кызмат адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган Жунусов Адамкул Орокеевичке 2018-жылдын 28-августунда издөө жаряланганын маалымдайт.

 А.Жунусов өзүнүн бийликтик ыйгарым укугун пайдалануу менен
“А.” ЖЧКга идентификациянын туура эмес ыкмасын колдонуп, бажы аймактарын кайра иштеп чыгууга уруксат алууга көмөк көрсөткөн, мунун натыйжасында аталган Коом Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөнө турган төлөмдөр боюнча бажылык өзгөчө жеңилдиктерди алган, бирок бул ЖЧК ташып киргизген товарлар “Импорт 40” режиминде жалпы негиздерде таризделиши керек болчу.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында  мамлекетке 166 миллион сомдон (166 971 821,25 сомдон) көп өлчөмдө  Кыргыз Республикасынын бюджетине түшпөй калган милдеттүү бажы төлөмдөрү түрүндө материалдык зыян келтирилген.

Азыркы убакта А.Жунусов тергөө органдарынан жашынып, тергөө ишин объективдүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылып жатат, ошондой эле ал кылган кылмыш өзгөчө оор кылмыштын түрүнө кирет.

2018-жылдын 18-августунда А.Жунусовго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинде каралган кылмыштарды кылды деп сырттан айып тагылган жана 2018-жылдын 28-августунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу чарасы тандалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: