Menu

Фото – Италияда 250 кыргыз Кыргызстандын желеги менен Кальяри шаарынын борбордук көчөсүндө жүрүш жасашты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жашаган жана иштеген жарандарынын кызыкчылыктарын коргоо жана алдыга карай жылдыруу боюнча жүргүзүлгөн туруктуу иштердин алкагында Женева шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилиги 2018-жылдын 2-сентябрында Италиянын Кальяри шаарында болуп өткөн Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 27-жылдыгына арналган маданий иш-чарага катышты.  Майрамдык иш-чара жакында түзүлгөн жана Кальяриде расмий каттоодон өткөн кыргыз жарандарынын “Kirghizistan unito in Sardegna” аттуу уюму тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө 250гө жакын кыргыз жарандары Кыргызстандын желеги менен Кальяри шаарынын борбордук бөлүгү аркылуу өтүшүп, андан соң майрамдык концерттик программа болуп өттү. Катышуучулардын арасында шаардын мэриясынын өкүлдөрү, Италиянын Неаполь, Казерта, Милан, Болонья шаарларындагы кыргыз жарандары, жергиликтүү тургундар жана көптөгөн туристтер болушту.

Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчиси Д.Мукашев өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө Италиядагы кыргыз мекендештерди мамлекеттин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчиликтеринин атынан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, аларга жеке жана профессионалдык ийгиликтерди каалап өттү. Ал ошондой эле жергиликтүү бийликтерге кайрылып, кыргыз жарандарына жана Сардиниядагы кыргызстандык мекендештерди бириктирген аталган уюмга колдоо көрсөтүүгө чакырды жана Элчилик бул тармакта кызматташууга ар дайым даяр экендигин баса белгиледи.

Майрамдык иш-чаранын алкагында Элчи Д.Мукашевдин кыргыз жарандары менен өзүнчө жолугушуусу болуп өтүп, анын жүрүшүндө ал Кыргызстандагы учурдагы абал, өлкөнүн жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан ички жана тышкы саясат жөнүндө баяндап берди. Элчи чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык жарандарды коргоо жана колдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана анын чет элдеги мекемелеринин приоритеттүү максаттарынын бири экендигин өзгөчө белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө Италиядагы кыргыз жарандар өздөрүнүн көйгөйлөрү тууралуу маалымат беришип, аларды чечүү боюнча сунуштарын киргизишти. Ошону менен бирге кыргызстандык мекендештер Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы карым-канташтарды андан ары өркүндөтүү боюнча өз салымдарын кошо тургандыктарын билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: