Menu

Өзбекстан пахта теримге мажбурлоону токтотот

Бөлүшүү:

Өзбек өкмөтү жашы 18ге толо электерди, мектепте же башка окуу жайларда билим алгандарды, мугалимдерди жана медициналык кызматкерлерди пахта жыйноого тартууга тыюу салды. Мындан тышкары түшүм жыйноодо калкты мажбурлап иштетүүгө да жол берилбейт.

Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов 5-сентябрда өткөн жыйында эгер мындай учурлар катталса, тиешелүү чара көрүлөрүн айтты. Ак була тергендерди түшкү тамак, суу менен камсыздоо иштери фермердик чарбаларга жүктөлдү.

«Эгер жер-жерлерде мажбурлоо учурлары аныкталса, аткаминерлерди иштен алабыз. Башкы прокуратура болсо аларга карата мыйзамдуу чара көрөт», – деди Арипов.

Өзбек өкмөтү пахта тергендердин акысын татыктуу төлөп берүүгө убада кылды. Бир тонна ак буланы машина менен чогултууга 400 миң сум (50 доллардан ашык) төлөнөт. Ал эми кол менен терүү учурунда 650 сумдан 1000 сумга чейин акча тапса болот.

Мындан тышкары быйыл пахта чогултуудан түшкөн киреше үчүн салык алынбайт. Эмгек акы беш күн сайын берилет.

Быйыл пахта терим үчүн 26 миң топ түзүлөт, алардын катарында эки миллиондон ашуун киши иштейт. Каалоочулар эмгек өргүү алып, ак була чогултса болот.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: