Menu

Кабулдагы кош жардыруудан кеминде 20 киши мерт болду

Бөлүшүү:

Кабулдун шийиттер көп жашаган аймагындагы күрөш боюнча машыгуу борборунда кош жардыруу болуп, кеминде 20 кишинин өмүрү кыйылып, 70тен ашыгы жаракат алды. Бул тууралуу Ооганстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 5-сентябрда жанкечти Кабулдун батышындагы спорт борборунун ичинде өзүн жардырып жиберген. Бир аздан кийин ошол эле жерге полиция кызматкерлери, кабарчылар жана эл чогулган кезде автоунаа жардырылган.

Өлкөдөгү маалымат каражаттарынын ачыктыгын колдоп келген NAI уюму мерт болгондордун арасында Ооганстандагы ири телекомпания эсептелген Tolo News телеканалынын кабарчысы менен оператору бар экенин билдирди. Мындан тышкары башка телеканалдардын төрт өкүлү жаракат алган.

Кабулдун полиция башчысы Дауд Аминдин айтымында, жараат алгандардын арасында бери дегенде эле жети полиция кызматкери бар.

Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өзүнө алды.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 26 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: