Menu

Стокгольмдогу сотто өзбек өкмөт башчысын суракка чакыруу сунушталууда

Бөлүшүү:

Гүлнара Каримова фигурант болгон Telia компаниясынын мурдагы жетекчилеринин Стокгольмдогу сотунда Ули Туиманын адвокаты Өзбекстан премьер-министри Абдулла Ариповду күбө катары суракка чакырууну өтүндү.

Telia компаниясынын кеңешчиси Ули Туима Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага өлкөдөгү телекоммуникациялык рынокко кирүү үчүн 400 миллион АКШ доллары өлчөмүндө пара берүүгө айыпталууда.

Анын адвокаты Ханс Станберг билдиргендей, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов ошол маалда маалымат жана телекоммуникациялык системалар комплекси боюнча вице-премьер-министр болуп иштеген. Буга байланыштуу ал тергөөгө керектүү маалыматтарды айтып бериши мүмкүн. Адвокат өзбек өкмөт башчысы менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын билдирди.

– Биз бул тема боюнча сүйлөшүп, өз иликтөөлөрүбүздү жүргүзүп жатабыз. Бирок аны менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. Аны менен сүйлөшсөк жакшы болмок. Себеби ал бул жараяндагы бирден бир маанилүү киши. Ал жыштыктарды жана лицензияларды алуу үчүн эч ким пара бербегенин түшүндүрө алмак, –деди адвокат Ханс Станберг.

Ошол эле маалла адвокат өзбек премьер-министрин Швециянын башкы Прокуратурасы гана күбө катары сотко чакыра аларын кошумчалады.

Стокгольмдо Өзбекстандын биринчи президентинин кызы Гүлнара Каримовага ири өлчөмдө пара берүү боюнча сот иши 4-сентябрда башталган. Бул иште айыпталуучу катары аталган компаниянын мурдагы аткаруучу директору Ларс Нюберг, мурдагы каржы директору жана вице-президенти Теро Кивисаари, ошондой эле анын мурдагы башкы кеңешчиси Ули Туима өтүүдө.

Бул ишти кароо 5-6 айга созулат. 11-14-декабрда Стокгольм сотунда прокурорлор менен адвокаттардын акыркы сөздөрү айтылып, өкүм 2019-жылдын январь-февраль айларында чыгат.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: