Menu

Фото – Катардын Доха шаарында Мергенчилердин жана куш салуучулардын эл аралык кѳргѳзмѳсү өтүп жатат

Бөлүшүү:

4-сентябрда Доха шаарында Мергенчилердин жана куш салуучулардын эл аралык кѳргѳзмѳсү башталып, ага Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги катышууда. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кѳргѳзмѳ “Катара” маданий борбору жана “Аль-Ганнас” куш салуучулардын коому тарабынан уюштурулуп, мергенчиликке байланышкан шаймандар, ар кыл эмеректер, жаңы технология жана буюмдар, унаалар, жашоого ыңгайлашкан вагондор, атайын техникалык каражаттар жана башкаларды кѳргѳзүүгѳ жана сатууга арналган.

Кѳргѳзмѳдѳ Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги мекендерштердин колдоосу менен кыргыз боз үйүн тигип, кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана салттары, ошондой эле туризм мүмкүнчүлүктѳрү менен араб элдерин жана конокторду тааныштырууда. Иш-чаранын жүрүшүндѳ Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчиси Нуран Ниязалиев “Катара” маданий борборунун башчысы д-р Халид бин Ибрахим Аль-Сулаити жана “Аль-Ганнас” катарлык кушчулар коомун тѳрагасы Али Аль-Мехшади менен жолугушуу ѳткѳрдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: