Menu

“Илимге арналган өмүр” – академик Турар Койчуевге 80 жыл

Бөлүшүү:

КР Улуттук илимдер академиясында 12-сентябрда экономика илимдеринин доктору, профессор, УИАнын, Россиянын Табигый илимдер академиясынын, Россиянын социалдык жана педагогикалык илимдеринин академиясынын, Евразиянын Эл аралык Экономика академиясынын академиги, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгынын ээси, бир катар чет мамлекеттердин академияларынын мүчөсү, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер КОЙЧУЕВ ТУРАР КОЙЧУЕВИЧтин 80 жылдык мааракесине арналган “Илимге арналган өмүр” аттуу илимий-практикалык  конференция өткөрүлөт.

Иш-чараны КР УИАнын Дж.Алышбаев атындагы Экономика институту уюштурууда.

Турар Койчуевич Койчуев жөнүндө:

Бүгүнкү күндөгү социалдык жана экономикалык абал коомдук жашоонун бардык аспектилериндеги адекваттуу өзгөрүүлөрдү жана экономикалык маселелер боюнча негизги ыкмаларды кайрадан караштырып чыгууну талап кылат. Бул ыкмалардын негиздери учурунда академик Т.Койчуев тарабынан теориялык фундаментке салынган болчу. Кыргызстанды постсоветтик реформалоонун идеологиясы, концепциясы, программасы Койчуев жана анын шакирттери тарабынан аныкталган. Өлкөнү социалдык-экономикалык башкаруу боюнча жаңы структураны түзүү боюнча долбоорлор академик Т.Койчуевдин жетекчилигинде Реформа боюнча улуттук комиссия менен түзүлгөн жана координацияланган. Республиканын улуттук валютасын ишке киргизүүдөгү чоң проблеманы чечүүдө Т.Койчуевдин өзгөчө ролун белгилеп кетүү керек.

Академик Турар Койчуев Кыргызстандагы илимий чөйрөдө илимий экономиканын дүйнөлүк коомчулугуна белгилүү экономист-окумуштуусу катары таанымал. Ал экономиканын теориясына, регионалдык экономиканын, экономикалык реформанын теориясына, экономиканын тарыхына бараандуу салым кошту. Академик Турар Койчуев тарабынан 45  жеке монография менен брошюранын, биргелешкен 11 монографиянын автору, 88 коллективдик монографияны даярдоого катышкан. Өлкөдө биринчи болуп Кыргызстандын  ири экономикалык региондору боюнча комплекстүү илимий макала даярдалган.

Азыркы учурда экономикалык, саясий, экологиялык, илимий-техникалык, демографиялык, социологиялык жана гуманитардык проблемалар каралган дисциплина аралык мүнөздөгү монографиялардын сериясын даярдоого жетекчилик кылууда. Ошондой эле Турар Койчуев тарабынан адам коомунун цивилизациялуу өнүгүүсүнүн жалпылаштырылган критерийи болгон коомдук  өнүгүүнү гумандаштыруу боюнча басылмалардын сериясын даярдоо боюнча ишти жетектеп жатат.

Турар Койчуевдин УИАнын вице-президенти, андан соң  президенти катары да  зор салымы бер экендигин белгилеп кетүү зарыл. Өткөөл мезгилдин кыйын жана татаал учурунда академиялык илимдин сакталып калгандыгы жана анын позитивдүү өзгөрүүгө ээ болуусу академиктин жетишкендиги.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: