Menu

Толгонай Стамалиевага кайрадан чабуул башталганы турат

Бөлүшүү:

Буга чейин түштүк кланындагы жек-жаатчыл, алысты көрө билбеген айрым шумпайлар кылдан кыйкым издешип, президенттик аппараттын маалымат саясатынын жетекчиси Толгонай Стамалиеваны жумуштан кетирүү боюнча интрига башташкан. Айрым маалымат каражаттары аркылуу бир жактуу каралатышып. Эми ошол оюнду баягы эле президенттин жан-жөкөрлөрү козгоп атышканы кызык. Толгонай айымдын күнөөсү эмнеде? Биз баам салып көрсөк, ал өз милдеттерин так аткаруу менен гана алектенип, мыйзамдын чийиминен чыкпаганы, бирок, каршылаш тараптарга кара пиарды уюштурбаганы менен өзгөчөлөнүүдө. Эске алсак, мурдагы «пиарщиктер» шефтерине жагалдануу үчүн акылдан сырт кетишип, артык кылуунун ордуна тыртык кылышып, тескери саясат жүргүзгөнүн билебиз. Ток этери, дал ушундай интригалар менен президентгин «өздүк адамдары» кара так түшүрүп алышпайбы? Кызыгы, Стамалиеванын ордуна бара турган жигит түштүктөн, журналистика чөйрөсүндө кайнаган имиш. Минтип отурсак ойронубуз чыкпайбы? Ансыз да кадр саясаты жалпы жонунан арабөк абалда калып атса, анан ортодон кол ийрисине тарткан «серый кардиналдардын» өктөмү жүрө баштаса, жыргаган экенбиз…

Кубат Карачев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: