Буга чейин Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты, аталган калаанын ардактуу атуулу Турдакун Давлетовду Ысык-Көл облустук милициясындагылар сабаганын министрдин өзүнө кулак катыш кылган элек. Атасынан улуу, калк кадырлаган инсанга кал көтөрүшкөн зөөкүрлөрдү тармак жетекчилиги «сөгүш бердик, уруштук» таризинде мамиле кылып коюшкан. Окуядан биздин гезит аркылуу кабардар болушкан президенттик аппараттын тиешелүү бөлүмү Балыкчыда жаткан Турдакун Давлетовго дароо телефон чалышып, Ысык-Көлдөгү зөөкүр чалыш МЕНТтердин үстүнөн кечикпестен президенттин наамына арыз жазуусун айтып, ишти жеке көзөмөлдөрүнө алышарын, береги формачан чоң муштумдардын күнөөсү тыкыр иликтенип далилденсе, катуу жазага тартьппарын убада кылышты. Баса, 31-август эгемендүүлүк майрамына карата депутат Турдакун Давлетовдун буга чейин жалпы Көл кылаасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ысьпс-Көл облустук администрациясы «Облустун ардактуу атуулу» наамын ыйгарьппты. А мындай инсанды ошол эле кезде облустук милициянын кызматкерлери сабап жатышат. Тийиштүү органдар мындай адилетсиздикке үн ката алышабы?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ