Menu

Тажик журналисти Фейсбуктагы пикири үчүн ИИМге чакырылды

Бөлүшүү:

Тажикстанда белгилүү журналист жана Душанбедеги Лахути атындагы китепкананын директору Абдукодир Абдукаххор Фейсбуктагы пикири үчүн эки жолу Ички иштер министрлигине (ИИМ) чакырылды.

Журналисттин айтымында, жергиликтүү тургундардын бири аны соцтүйүндөр аркылуу коомду бөлүп-жарууга аракет кылууда деп айыптап, ИИМге даттанган.

Журналист акыркы кездери интернетте тажиктердин байыркы баалуулуктарын коргоп, исламдын жактоочулары менен көп талаш-тартышка барып жүрөт. Ал Фейсбуктагы оппоненттерин «диний фанаттар» деп атайт.

«Диний фанаттар социалдык түйүндөрдө дайыма биздин улуттук баалуулуктарыбызды кемсинтишет. Албетте мен аларга жооп бербей кое алган жокмун. Бирок ошол эле маалда мен эч качан алардын деңгээлине түшкөн эмесмин. Тажиктердин тарыхын, улуттук жана маданий баалуулуктарын жат деп эсептеген адамдар тобу менен талаш-тартышым бир жылдан бери уланып келет», – деди Абдукодир Абдукаххор.

Журналисттин айтымында, ИИМ өкүлдөрү менен болгон алгачкы сүйлөшүүсүндө ал өз позициясын түшүндүрүп берген. Экинчи жолкусунда укук коргоо кызматкерлери андан көз карашын жазуу түрүндө калтырып кетишин талап кылышкан.

Абдукодир Абдукаххор көптөгөн жылдар бою теледе иштеп, республикалык радионун башкы редактору болгон. Учурда борбордогу Латухи атындагы китепкананын директору.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: