Menu

Түркмөн пенсионерлери пенсиясын накталай түрдө ала албай жатышат

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда пенсияны накталай турдө алуу укугуна ээ болгон 70тен ашкан жарандар сентябрь айынын башында пенсияларын ала алышкан жок. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды.

Маалыматка караганда, 70тен ашкан пенсионерлер үчүн пенсия берүүнүн жаңы тартиптери киргизилгендиги тууралуу ашхабаддыктар ушул айдын башында гана билишкен.

«Буга чейин пенсияларын накталай алуу укугуна ээ болгон 70тен ашкан жарандарга акча берилген жок. Пенсия алуу үчүн эми алар пенсиясын картасына котортушу керек экен. Бул бир канча убакытты талап кылгандыктан, алар кайсыл бир мезгилге чейин акчасыз калмай болушту», — деп жазды басылма.

Мындан тышкары буга чейин пенсияларын банк карталары аркылуу алып жүргөн жарандар дагы бул жолу акча алууда кыйынчылыктарга дуушар болушууда.

«Буга чейин пенсиясын карталар аркылуу алып келген жашыраак жарандарга дагы акча которулган жок. Көрсө алар ар үч ай сайын социалдык камсыздандыруу мекемесине барып, каза боло электиги тууралуу документтерди толтурушу керек экен», — деп жазды басылма.

Түркмөн бийлиги быйыл пенсия төлөмдөрүн накталай түрдө алуу укугуна ээ жарандардын курактык категориясын кыскартып, май айынан тарта пенсияны карталарга которуу аркылуу төлөөгө өткөн. Расмий түрдө 1-июлдан тарта 70 жашка чыга элек пенсионерлердин акчасы банк караталарга которула баштаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: