Menu

Ысык-Көл облусунда кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар улантылууда

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунда өзгөчө кырдаалдардын  алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багыты боюнча 2018-жылга  33 объектиде  иш-чара аткаруу мерчемделип, 8 ай ичинде  10 объектиде иш-чара аткарылып бүткөрүлдү. Бул тууралу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми 2 объектиде жумуштар жүргүзүлүүдө. Мерчемге киргизилген иш-чараларды аткаруунун натыйасында 961 турак үй, 1 мектеп,  1 административдик имарат, 1 гидропост, 1 ички чарбалык жол, 118 га айыл чарба  жери, 1 мүрзө кырсыктардан корголмокчу.  Бул тууралуу КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Замир Джумагазиев билдирди.

Алсак, Тон району боюнча Улахол айыл аймагынын Кара-Шаар айылындагы ачык дренаж казуу иштери, Көл-Төр а/а Көл-Төр айылындагы Конур-Өлөн суусунун, ошондой эле Кызыл-Туу айылы Ак-Терек суусунун  жээгин бекемдөө иштери бүткөрүлдү.Ошондой эле,  Б.Мамбетов айыл аймагынын  Эшперов айылында  селден коргоочу канал курулду.

Жети-Өгүз району боюнча   Жети-Өгүз суусунун, Чон-Кызыл-Суу  суусунун кооптуу тилкелерин бекемдөө жана сайдын нугун мехтазалоодон өткөрүү иштери аткарылган.

Ак-Суу районунун Жыргалан айылынын түштүк-чыгыш тарабына  сел өтүүчү канал казылып 1- обектисинде иш-чара бүткөрүлүп, 2-объектиде жумуш аткарылууда.

Ошондой эле, Ысык-Көл районунун Жаркынбай айылындагы дамбаны тазалоо, арыкты кенейтүү иштери улантылууда.

Аткарылган иштердин натыйжасында, 150 турак үй, 68 га айыл-чарба жерлери, 1 мүрзө, 1 мектеп, 1 адмнистративдик имарат, 1 ички чарбалык жол кырсыктардан корголгон.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: