Menu

Коррупцияга каршы күрөш-саясый талааны тазалоо менен чектелдиби?

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Шариповичтин өлкөнүн «эки тизгин,бир чылбырын» колго алганына жакында 10 айга аяк басат. Бул аралыкта өлкө башчыбыздын коррупцияга каршы күрөшүнөн оңчулуктуу жыйынтык чыкпай жатканынын сыры неде? Бул жагынан башкы прокуратура баш болгон күч органдарыбыз чабалдык кылып жатабы? Укук коргоо органдарыбыздын жетекчилери президенттин коррупцияга каршы күрөшүн эмнеге жеткиликтүү деңгээлде ишке ашыра албай жатышат? Же алардын жемкорлор менен күрөшүүгө деңгээли менен саясый эрктери жетишпей жатабы? Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү (Финпол) кызматынын иши майда чабак коррупционерлер менен күрөшүүбү? Башчысы Бакир Тайиров неге көлөкөдө күн кечирип келет?

Темирбек Бекмаматов, башкы прокурордун мурдагы 1-орун басары:

– «Коррупцияга каршы күрөшүү акыркы убакта солгундады» десек туура эмес, бул багыттагы чаралар тийиштүү органдар тарабынан жүргүзүлүп жатканы баарыбызга маалым болсо керек. Кеп башкада – көрүлүп жаткан чараларды жаңы деңгээлге алып чыгыш зарыл. Бир эле күч органдары тарабынан иш жүргүзүлсө, анда коррупция менен күрөшүү толук эмес болуп калат. Коррупция -бул социалдык-экономикалык көрүнүш, ошон үчүн мен ойлойм, репрессивдик чаралардан тышкары превенциялык жана экономикалык чаралар комплекстүү түрдө колдонулуш керек. Күч органдары менен бирге баардык аткаруу бийлиги тармагындагы мекемелер, өзгөчө салык кызматы, ошондой эле эсептөө палатасы тыгыз байланышта иш алып барышы кажет. Бул эми маселенин бир жагы. Экинчи жагынан күч органдары менен башка органдардын жумушун координациялоону күчөтүш керек. Мен ойлойм, ошондо иш алдыга жүрөт. Анан «коррупция менен күрөштү жалаң күч органдары алып барыш керек» деген бул өтө туура эмес, үстүртөн көз караш катары айтар элем. Сөзсүз күч органдары тазаланыш керек, бирок, баардык бийлик органдары тарабынан дагы тазалануу, бир багытта иш алып баруу -мезгил талабы.

Жеңиш Молдокматов, «Замандаш» партиясынын лидери:

– Сооронбай Шариповичтин президенттик шайлоодо алып чыккан саясый платформасында жана президенттик ишмердүүлүгүнүн башатында коррупция менен күрөшүүнү колго алганы бар. Айтканындай, жыл башында коопсуздук кеңешинин отурумунда күч органдарын катуу сынга алуу менен алгач тийиштүү мамлекеттик атайын кызматтардын жетекчилерин алмаштырды. Жеке президентти тапшырмасына ылайык андан бери арбын коррупциялык иштердин бети ачылып, үлкөн саясатчылар, мамлекеттик жооптуу кызматкерлер кармалды жана камалды. Алардын арасында мурдагы эки өкмөт башчы, парламент депутаттары, Бишкек менен Жалал-Абад шаарларынын мэрлери, ондогон чоң кызматтарды ээлеп, элдин акчасын сол чөнтөккө кымыргандар бүгүн абакта жана соттук суракта отурушат. Учурунда жең ичинен сүйлөшүлүп, жабылып калган жана токтотулган жүздөгөн кылмыш иштери жандандырылып, кайра каралууда. Өлкөдөгү орчундуу маселелер, коррупциялык иштер президенттин эрки жана ниети болбосо ачыкталбай, көмүскөдө калып, тыйындын күчү менен сүйлөшүүлөр аркылуу жабылып келгенин баардыгыбыз билебиз. Айтарым, эгер президент «жок, чыкпасын» десе, ошол эле тарых музейи, «Датка-Кемин», түндүк-түштүк альтернативдүү жолу, Чолпон-Атадагы ипподром, жадагалса Бишкек ЖЭБ ачыкталбайт эле. Ошондуктан, Сооронбай Шариповичтин коррупция менен күрөшү эрктүү түрдө жүрүп атканын баса белгилейм.

Клара Сооронкулова, коомдук ишмер:

– Эч качан коррупционерлер коррупция менен күрөшө албайт. Коррупцияны таза адамдар гана жеңет. Укук коргоо органдарын тазалап, жаңы адамдардан топтобосо, коррупция менен күрөшүү көз боёмо бойдон кала берет. Азыркы күндө коррупция менен күрөшүү болбой эле саясый талааны тазалоо болуп калды. Коррупция менен күрөшүүдө эң негизгиси жемкорлукка негиз болгон шартты жоюу. Ал жагынан ойлонгон да киши жок. Экинчиси, кадр маселеси. Коррупция өзгөчө аткаруучулар деңгээлинде күч алган, орто жана төмөнкү звенодогу кызматчылар – тергөөчү, инспектор жана ушуларга окшогондор. Ушуларга карата кандай чара көрүлүп жатканы дайынсыз.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: