Menu

Урматтуу президент, рейдерлер бизди иштетпей жатышат

Бөлүшүү:

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биз сизге КР Конституциясынын гаранты, биздин өлкөдөгү адам укуктарынын жана эркиндиктеринин коргоочусу катары кайрылып отурабыз.

Биздин компания, кыргызстандык-россиялык «Фирма AKIF» ЖЧКсы 2013-жылдын ноябрында өзүнүн өндүрүштүк аянттарын капиталдык ремонттон өткөрүү жана кайра жабдуу максатында «Росинбанктан» 3 млн. доллар кредит алган. Бирок, тергөө органдары алынган кредиттин 735 миң доллары гана кайра жабдууга, өндүрүштүк муктаждыктарга жумшалганын аныктады. Кредиттин басымдуу бөлүгү, 1 млн. 800 миң доллар каражат АКИФтин мурдагы башкы директору И.М.Майсызов жана анын жардамчысы Б.Т.Абдыкадыров тарабынан сыртка чыгарылып, нак акчага айландырылып, уурдалып кеткен. Майсызов жоопкерчиликтен качыш үчүн 2015-жылы «Росинбанктын» башкармалыгынын мурдагы мүчөсүнүн ортомчулугу менен Ф.С.Аблямитова башында турган рейдерлер тобуна кайрылат. Алардын ою ишкананы банкротко айлантып, андан соң жоюп, банкроттук процессинде фирманын баалуу активдерин «керектүү» колдорго өткөрүп берүү болгон. Бул топко Майсызов, Абдыкадыров, Аблямитовадан тышкары банкрот иштери боюнча администратор М.Д.Тороков да кирип, аларга прокуратуранын, ИИМдин мурдагы жогору даражалуу кызматкерлери «крышалык» кылышкан. 2016-жылдын мартынан декабрына чейин рейдерлер жасалма документтерди пайдалануу менен ишкананын каржылык рычагдарын колго алышып, 33 млн. сомдон ашуун каражатын жок кылышкан. Мамлекет төлөнбөй калган салык түрүндө 3 млн. сомдон ашуун зыян тарткан. Натыйжада, жыйырма жылдан ашуун мезгилден бери Бишкектин калкын жаңы жана баардык санитардык нормаларга жооп берген эт продукциялары менен камсыздап, жүздөгөн жумуш орундарын түзүп, салыктарды өз учурунда төлөп келген кирешелүү ишкана банкрот боло турган абалга жеткен.

2016-жылдын ноябрында башкы прокуратура биздин арызыбызды карап, ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына текшерүүгө берди. Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү иштин чоо-жайын териштирген соң декабрь айынын орто ченинде биз алган соттук актылардын аткарылышын талап кылды. Ошондон кийин рейдерлер качып жоголушту. Биз ишканага көзөмөлдүктү кайра алып, баардык технологиялык процесстерди кайра жандандырдык, рейдерлик басып алуу учурунда чогулуп калган кредиттик карыздарыбызды төлөй баштадык. Азыркы учурда ишкана ай сайын 1 млн. сомдон көбүрөөк салык төлөөдө.

Аныкталган фактылар боюнча укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыш иштери козголду. Эки иш Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлдү. Бир иш боюнча АКИФтин мурдагы башкы директору И.М.Майсызов камакта отурат. Ага кредитти уурдоого жана рейдерлик басып алууга байланыштуу айып коюлган. Дагы эки фигурантка: Ф.С.Аблямитова менен Б.Т.Абдыкадыровго сыртынан айып коюлуп, издөө жарыяланган.

Бирок, рейдерлер дагы эле ишкананы ээлеп алууга болгон аракеттерин токтотуша элек. Адегенде алар банктык карыздарды төлөөнү жөн эле токтотуп, ишкананы банкрот катары жарыялоого аракет кылышты. 2017-жылы жайында биз банк менен келишүүгө даяр экенибизге көздөрү жеткен соң мыйзамсыз түрдө банктан кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугун сатып алышты. Бул максатта алар «Альфа Бест» ЖЧКсын пайдаланышкан. «Альфа Бесттин» учредители 22 жаштагы Т.Аспеков, уставдык капиталы 1000 сом. Ал эми анын банк менен жасаган сделкасынын суммасы 2 млн. 350 миң АКШ доллары болуп атат. Башкача айтканда, алар “Росин-банкка” 2,3 млн. доллар төлөп, бизден 4,7 млн. доллар талап кылышууда.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиздин мамлекеттик бийликтин баардык түзүмдөрүндөгү, биринчи кезекте укук коргоо, тергөө, сот органдарындагы коррупцияны жоюуга багытталган чечкиндүү аракеттериңизге үмүт артуу менен сизден дагы бир жолу АКИФтин ишине көңүл буруп, кыргызстандык-россиялык «Фирма АкиФ» ЖЧКсынына байланышкан баардык кылмыш иштерин иликтөөгө көзөмөлдүктү дагы бир жолу өз колуңузга алууңузду суранабыз. Биз бир гана нерсени, тергөө органдарынын ишине мыйзамсыз кийлигишүүнү болтурбоону, мыйзамда белгиленген мөөнөттө негиздүү жана мыйзамдуу иликтөө жүргүзүлүшүн, же иштерди токтотуп, же соттун кароосуна жиберилишин өтүнөбүз.

Сизди терең урматтоо менен, Кымбат Бозбаева, Кален Куватбеков, Сергей Фищенко, «Фирма АКИФ» ЖЧКсынын учредителдери,

Жаныбек Качыбеков, «Фирма АКИФ» ЖЧКсынын жетекчиси

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: