«Марал» радиосуна берген маегинде ЖК депутаты Абдывахап Нурбаев «мурда Венгрия менен кызматташтык өтө аз болчу. Алар болгону кыргызстандык студенттерди бекер окутуу боюнча гранттык орундарды берип турчу. Азыр Венгрия фармацевтика, суу чарбасы, айыл чарба, IT технологиялары боюнча өнөктөш издеп жатканын билдирди. Өлкөнүн «Эксимбанкы» болсо 65 млн. доллар кредиттик линия ачып жатат. Алынган насыяны энергетика тармагына жумшап, ГЭСтерди курууга иштетсек болот. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетип, экологиялык таза продукты катары кайра Европага сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт» деп белгиледи.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ