Бишкектен барган чебер жана соодагер Аалы Касымов Кырчын жайлоосундагы этно-базарга 30 карышкырдын терисин алып чыгып сатууда. Касымов базарга алып чыккан жөнөкөй терилер 15-20 миң, тирүү карышкырдын сөлөкөтү түшүрүлүп жасалганы 75 миң жана башы 45 миң сомдон сатылат.
«Терилерди кышында өлкөнүн жети дубанындагы мергенчилерден сатып алып чогултам. Анан өзүм жууп-тазалап, ийлеп, сатууга ылайыктайм. Жылына 100гө чукул тери алам. Кечээтен бери алты тери саттым. Муну чет өлкөлүк конокторго жана аткаминерлерге белекке берип жатышат» деди ал.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ