Menu

ЖК депутаттары жеңдерин түрө баштады

Бөлүшүү:

Он мүнөт чогулуп кайра тараган ЖК депутаттары негизинен иштөөгө жеңдерин түрүнүп эле турган чактары экен. «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев төмөндөгүлөрдү маалымдады. «Негизи козгой турган маселе көп. Алгач эле өкмөттөн «эмне иштерди жасадыңар?» деп сурайбыз. Сессия ушундан башталышы керек. Айтматовдун 90 жылдыгын татыктуу белгилөө боюнча кандай иштер жүрүп жатканы тууралуу маалымат алышыбыз керек. Ал эми Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети өкмөттүн 2019-жылга карата даярдаган бюджетин карайбыз. Андан сырткары чек ара маселеси, Кумтөр кени, Тогуз-Торо районундагы кен ызы-чуусу боюнча маалыматтарды угушубуз керек. Тарых музейи боюнча май айында тийиштүү тараптарга кат жолдогонбуз. Эми музейдин гранит таштары уурдалып, кимдин үйүнө колдонулуп кеткенин иликтейбиз. Ал эми ЖЭБ боюнча тергөөнүн жыйынтыгын күтөбүз».

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: