Menu

Жыл сайын Бишкекте он миңден окуучу көбөйүдө

Бөлүшүү:

Бишкектин мектептеринде балдардын саны нормадан эки эсе көп болуп жатканын билим берүү башкармалыгынын өкүлү Чынара Исакова билдирди. Анын айтымында, Бишкекте жыл сайын окуучулардын саны он миңдеп көбөйүп жатат.

«2015-жылы 127 миң бала болчу, 2016-жылы 137 миң, 2017-жылы 147 миң окуучу катталган. Быйыл 155 миң бала окуйт деп эсептелди. Жыл сайын Бишкекте экиден мектеп курулуп, пайдаланууга берилип жатат. Бирок борбор калаадагы мамлекеттик 97 мектептин долбоордук кубаттуулугу 76 жарым миң балага ылайыкташкан. Азыр окуучулардын саны эки эсе көп. Ал эми жалпы республика боюнча орто мектептердин саны 2,5 миңдин тегерегинде. Аларда окуп жаткан балдардын саны 1,5 миллионго чамалады» деп маалымдады.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: