Menu

Тажик аткаминерлерине кичи мекениндеги объектилерди өз эсебинен оңдоп берүү сунушталды

Бөлүшүү:

Тажик аткаминерлерине өз эсебинен кичи мекениндеги жолдорду, мектептерди жана ооруканаларды оңдоп берүү сунушталды. Өлкө президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзоданын айтымында, мамлекеттик кызматкерлер мүмкүнчүлүгүнө жараша туулуп-өскөн аймактарындагы объектилерди оңдоп беришсе болот.

Бир нече күн мурда «Азия-плюс» маалымат агенттиги өкмөттөгү булактарына шилтеме кылып, Душанбедеги «Жаштар көлү» деген сейил бакты өлкө премьер-министри Кохир Расулзода өз каражатына реконструкциялаганын жазган. Буга чейин өкмөт башчы өз эсебинен туулуп-өскөн айылынын жолдорун да оңдоп берген.

Мындан тышкары Хужанддын мэри Маъруф Мухаммадзода өз акчасына өзү билим алган №16 орто мектептин спорттук залын оңдоп берген. Мэрия кызматкерлеринин бири калаа башчынын бул демилгесин жергиликтүү чиновниктер колдоого алышканын билдирди.

Былтыр апрелде Душанбе мэриясынын басма сөз кызматы борбордогу 80 мамлекеттик мекеменин жетекчилери өз кирешелеринин эсебинен балдар үчүн спорттук жана оюн аянттарын куруп берүүгө даяр экендиктерин билдиришкенин кабарлаган.

Буга чейин айрым ишкерлер бийлик аларды кайрымдуулук иш-чараларды каржылап, маанилүү объектилердин курулушуна акча бөлүп берүүгө мажбурлап жатканына даттанышкан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: