Menu

Самбо чемпионунун өлүмү иликтенүүдө

Бөлүшүү:

Милиция Кыргызстандын самбо боюнча чемпиону, 28 жаштагы Бекзат Жаныбековдун өлүмүн иликтөөдө.

Бишкектин ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморовдун айтымында, кылмышка шектүү катары маркумдун жердеши, Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы тургуну кармалды. Алгачкы суракта ал окуяга уруш себеп болгонун айтып берген:

– Ал сөздөн сөз чыгып уруша кеткенин, колуна бычак сыяктуу нерсени алып уруп жибергенин жана кандай жараат алганын көрбөгөнүн айтууда.

Оморовдун айтымында, окуя 3-сентябрда Ленин районунун аймагында болгон. Кылмышка шектүү адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Кылмыш кодексинин 104-беренесинин (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде иш козголуп, тергөө жүрүүдө.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: