Сирия өкмөттүк аскерлери Идлиб провинциясында химиялык курал колдонууга даярданып жатканы боюнча АКШда “көптөгөн далилдер” бар. Бул тууралуу АКШнын Сирия боюнча жаңы чабарманы Жим Жеффри билдирди.
Reuters маалымдагандай, дипломат кеп кайсы далилдер туурасында жүрүп жатканын так айткан эмес. Ал Идлибге кол салуунун баарын Вашингтон “ойлонулбаган эскалация” катары баалай турганын бегилеген. Буга чейин Акүй эгер Асаддын күчтөрү Идлибге кол салуу учурунда химиялык курал колдонсо, АКШ жана анын тарапташтары “ыкчам жана чечкиндүү” жооп кайтарарын эскерткен.
Бүгүн, 7-сентярда Тегеранда Идлибдеги кырдаалган арналган Орусия, Иран жана Түркиянын жолугушуусу өтөт.
Идлиб –Башар Асадка каршы турган оппозициялык куралдуу топтордун акыркы таянычы. Эл аралык коомчулук Орусия колдогон Сирия аскерлери бул провинцияда химиялык курал колдонушу ыктымал деп кооптонууда. БУУ миллиондогон качкындар жана карапайын эл жашаган аймакта гуманитардык катастрофа болорун эскертип, Орусия, Иран жана Түркияны аскер операциясын болтурбоого чакырган.
Орусия Коргоо министрлиги Пентагон Асадга каршы аскер операциясын баштоо үчүн “кутум” уюштуруп жатканын бир нече ирет билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ