Menu

NYT: Сергей Скрипаль испан атайын кызматы менен кызматташкан

Бөлүшүү:

Быйыл мартта Улуу Британияда нервди шал кылуучу «Новичок» заты менен ууландырылган Орусиянын мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипаль Испан полициясынын орусиялык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнө кеңеш берип келген. Бул тууралуу америкалык New York Times гезити испан өкмөтүндөгү өз булактарына таянып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, Скрипаль ошондой эле акыркы кездери чех жана эстон чалгын кызматтары менен дагы иштешип жүргөн.

Испан полициясынын аталган бөлүмүндө 2006-жылы Лондондо радиоактивдүү полоний менен ууландырылган ФСБнын мурдагы офицери Александр Литвиненко дагы кеңешчи болгон.

1990-жылдардын ортосунда Сергей Скрипаль аскердик атташе кызматында Орусиянын Мадриддеги элчилигинде иштеген. Анын соттук ишиндеги материалдарга ылайык, британ чалгыны Скрипалды дал ошол жакта өз тарабына азгырган. 2004-жылы ал Москвада камакка алынып, алты жылдан кийин тыңчыларды алмашуунун алкагында бошотулган.

Шаршембиде британ прокуратурасы Скрипалдарды ууландырууга шектелип жаткан Александр Петров менен Руслан Бошировдун сүрөттөрүн жарыялаган.

Кечээ АКШ, Франция, Германия жана Канада Скрипалдарга кол салууга Москванын тиешеси бар деген Улуу Британиянын позициясын колдогон. БУУнун алдындагы британ делегациясынын башчысы Карен Пирс Коопсуздук кеңеште сүйлөп жатып, Лондон Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизүү мүмкүндүгүн караштырып жатканын билдирди. Орусия бийлиги Скрипалдарды ууландырууга тиешеси бар экенин четке кагып келет.

Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия быйыл 4-мартта Улуу Британиянын Солсбери шаарында уулануу белгилери менен табылган. Лондон аларды ууландырууга орус бийлигинин тиешеси бар деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: