Menu

“Айрымдар бизди бай деп ойлошот” дейт Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбекова

Бөлүшүү:

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбекова кыздарынын атасына болгон кусасы, жардам берип жаткандар тууралуу айтып, «Спутник» сайтына маек курду.

«Жолукканда көбүнчө балдар жөнүндө сүйлөшөбүз. Кыздарын сагынып бүттү окшойт, алар тууралуу ийне-жибине чейин сурайт. Мындан тышкары, мен ага дүйнөдө, өлкөдө кандай окуялар болуп жатканын айтып берем. Акыркы жолу сүйлөшкөндө жакында эле ал окуп бүткөн китептерди талкууладык.

Балдардын жүрөгүн оорутпаш үчүн аларды абактагы жолугушууларга алып барбайбыз деп чечкенбиз. Кыздар азыр аябай куса болуп жүрүшөт. Улуусу барын билет, түшүнөт. Ичтен сызып жүрө берет. Кичүүлөрү атасын командировкада деп ойлошот. Бирок, кайсы жерде жүрсө дагы дайыма телефон чалып сүйлөшүп турчу атасы эми эмнеге таптакыр эле кабарын билдирбей калганын түшүнбөй жатышат. Кээде ыйлакташып, «атам качан келет?» деп чатак салышат. Аларды алдап-соолап жатып, айрым учурда өзүмдүн айлам калбай калат.

Сапар камакка алынгандан бери эле туугандар, достор, анын мурдагы кесиптештери колдоп келе жатат. ЖМК беттеринен, социалдык тармактардан окусам, айрымдар бизди бай деп ойлошот экен. Биз ак эмгек менен тапкан акчабызга жашаганга көнгөнбүз. Эч качан эч нерседен аша чапкан жокпуз. Куурап жатабыз деп даттангым келбейт. Кудайга шүгүр, эл катары күн көрүүдөбүз».

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: