Эки жээктин бирине да кошула албай калган Темир Сариев да күздөгү кайнаган саясат учурунда азыркы бийликке оппозиция болгон өзүнүн тобун баштап чыга турган болуп туру. Болгондо дагы катуу талаптарды коёт дейт. Бирок, азыр Темикенин артынан ээрчий турган күч барбы? Ушул жагы маанилүү. Сариевге кошула турган саясий күчтөр азырынча баш көтөрө элек. Ушул тапта мурунку бийлик учурундагы долбоорлорду дыкат текшерүү талабы коомчулук тараптан катуу коюлуп жатканын эске алганда, Сариев бүтүрүп жибере турган Балыкчы-Корумду жолу да кайра башынан иликтөөгө алынышы турган иш. Андай болгон соң Темикени да кайра башынан сурак күтүп турат.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ