Menu

Абылгазиев жакында оодарылып, ордуна оппозицияда жүргөн адам келеби?

Бөлүшүү:

“Уйкучу Өкмөт” деген атка конгон Аткаруу бийлигинин башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарыхында эч нерсе чече албаган алсыз премьер-министр болуп кала турган болуп калды. Ушул күнгө чейин бир дагы чечкиндүү кадам жасаганга жараган жок. Көзгө көрүнүктүү, мактанып айта турчу идеяларды көтөргөнгө кудурети жетпеди. Анын алсыздыгы президенттин ишине да терс таасирин тийгизип жатканы чындык. Региондорду өнүктүрүү жылы деп президент тарабынан мыкты идеялар көтөрүлдү эле, аны ишке ашырууда Өкмөт жөндөмсүз экенин көрсөтүп, идеяны толук бойдон күм-жам кылды. Ак үй экономиканы өйдөлөткөнгө алы жетпеген Абылгазиевди алмаштырууга “добро” бергени, парламентте ушул айдын аягында бул маселе көтөрүлө турганы күтүлүп жатканы маалым болууда. Абылгазиевдин ордуна мурунку бийлик тушунда активдүү оппозицияда жүргөн саясатчынын талапкерлиги каралып жатыптыр. Сүйлөшүүлөр бүтүп, маселе чечилгенден кийин премьер-министр болчу адамдын өзүнөн кыска-нуска суроо жоопту да беребиз. Ким экенин ачыктабай туралы. Саясат дегениң заматта эле өзгөрүлө берет эмеспи.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: