Menu

Токтогулдуктар Сарпашев, Момуналиев, Артыкбаев, Кодурановадан уялышып…

Бөлүшүү:

Сагынбек Абдрахманов Атамбаевдин чекесине чыккан чыйкан эле болду. Жалгыз гана АША өзү эмес, анын сөзүн эки кылгысы келбеген желдеттери да Сагынбектин атын укканда так секирип, ушундан кутулсак дегенде көздөрү төрт болуп туру. Сашка (Сагынбек) дагы жөн жатпай, күн өткөн сайын “Атамбаевсиз КСДП” деген ураанын өлкөнүн баардык аймактарына жайылтууну күчөтүп жүрү. Чүйдүн борбору Токмокто өткөрүп, ал жерде дагы кызуу талкуу жаралды. Токмоктогу КСДПнын эски гвардиясы Сашканын идеясын кош колдоп колдошкон. Абдрахмановду Токтогулдагы КСДПнын активисттери чакырышып, “Биз дагы сенин идеяңды колдойбуз. Токтогулга келип жыйын өткөрүп кетсеңер” деп суранышат. Токтогулда КСДПнын чоң төрт лөгү бар эмеспи. Т.Сарпашев, Э.Момуналиев, О.Артыкбаев, А.Кодуранова деген. Асел Кодуранова Сашканын бара турганын угуп, өзү Токтогулга барып, балдарына “Сашка Токтогулга келбесин! Келе турган болсо өзүнөн көрсүн…” деп айттырган экен, балдары Сашкага чыгышып “Асел айым келбесин деп салам айттырды” деп айтышыптыр. Сашка болсо “Асел менен өзүм жолугуп сүйлөшөм” деп жооп айттырса, Кодуранова жолугушуудан качып келбей коюптур. Токтогулдагы “Атамбаевсиз КСДП” жыйыны болуп, ага келген токтогулдуктар “Биз төрт кыйын КСДПчы Сарпашев, Момуналиев, Артыкбаев, Кодурановалардан уялып жатабыз. Элдин баары эле ишенген партия чоңдоруңар коррупционер болуп жатат деп шылдың кылып бүтмөй болду. Партиянын тазаланышын колдойбуз” деген муңун айтышыптыр.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: