Menu

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: «Атамбаев азыр да кекчилдик сапатынан жогору көтөрүлө албай, бийликке жолотпой койгону үчүн Жээнбековго кекенип жүрөт»

Бөлүшүү:

-Экс-президент Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын баштаган адам катары расмий чакыруу алса дагы эмне үчүн иш-чаранын ачылыш аземине бара алган жок?

— Адам элге батпай калганда ошентип корунуп эч жакка баралбай калат. Атамбаев 31-августта “Ала-Тоо” аянтына да келе алган жок, Көчмөндөр оюнуна Ысык-Көлгө да бара албады. Анткени ал 7 жыл Кыргызстанда жүргүзгөн саясат кыргыз элин бир улут катары бириктирүү, өлкөнү стабилдештирүү үчүн эмес, “бөлүп-жарып башкара бер” принцибине таянып жүргүздү. Аны колдогондор да кыргыздын орто кылымдардагы ой жүгүртүү категориялары менен ойлонгон бир ууч шылуундар болду. 2011-жылы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын да будамайлап өткөрүшкөн. Күтүлгөндөй эле Алмаз Атамбаев бир ууч трайбалисттер кыйкырып жүргөн бир аймактын адамы бийликке келсе эле адилет бийлик курулат деген мифти жокко чыгарды. Аларды уят кылды. Мындан ары трайбализмге мыйзамдуу түрдө тыюу салыш керек. Ал эми көчмөндөр оюндарынын демилгечиси катары 2016-жылга чейин Дыйканбаев, Чакиев, Мадумаров, Акибаевдин ысымдары аталып жүргөн. 2014-жылы Биринчи Көчмөндөр оюндары Мадумаровдун жетекчилиги алдында уюштурулуп өткөрүлгөн. 2016-жылы ал оюнду түрктөр өткөрүшмөк эле, бирок 2015-жылдын акырында түрк учагы Россиянын аскер учагын Сирия менен Түркиянын чек арасында атып түшүргөндө андан эч ким сурабаса деле Атамбаев ортого кыпчылып, Түркияга асылып, Россияны коргоп, кошоматтанып чыкты. Эмне Россия Атамбаевдин коргоосуна муктажбы? “Эки дөө урушса ортосунда чымын өлөт” болуп, Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси начарлап, Түркия Көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөн да баш тарткан. Башында пландалгандай бул оюнду эл аралык масштабга чыгарып жиберүү планы артка кечеңдеп калды. Ошондо гана Атамбаев оюнду Кыргызстандын бюджетинин күчү менен өткөрүүгө аргасыз болду. Бирок Жерүй алтын кенинен түшкөн 100 млн доллар акчага салынып жаткан 100 мектептин акчасынан акча өөнөп калып, көп мектеп бүтпөй калды. Азыр Кыргызстандагы мектептерде балдар тыгылып окуп жатышат. Бишкекте эле норма боюнча 200 мектеп керек болсо болгону 97 мектеп бар. Муну ойлогон жок. Мындай мисалдарды көп келтирсе болот, бирок, “сөздү уккан жерге айт, сууну сиңген жерге куй” дегендей атамбаевчилер булар сөз жебеген адамдар, аларга айтканың менен сиңбейт, караңгы көкүрөктөрүн койгулап, өздөрүнүн тар дүйнөсүнөн чыга алышпайт. Атамбаев азыр да кекчилдик сапатынан жогору көтөрүлө албай, бийликке жолотпой койгону үчүн Жээнбековго кекенип жүрөт. Роза Отунбаева болсо мурункулардын баарын унутуп “чакырган жерден калба, өзүң басып барба” дегендей эки иш чарага тең барып, жүзү жарык олтуруп берди.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: