Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: «Атамбаев бүгүнкү реалдуулукту тааный албай калган саясатчыга айланып, өзү чийип алган картина менен жашап калды»

Бөлүшүү:

-Экс-президент Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын баштаган адам катары расмий чакыруу алса дагы эмне үчүн иш-чаранын ачылыш аземине бара алган жок?

– Атамбаевдин коомдо кадыры түшүп кетти. Ал азыр мурдагыдай лөк саясий фигура эмес. Ал президенттик мөөнөтүнүн акырында президенттик институтунун эл түшүнбөгөн кыял-жоруктары менен таптакыр тамтыракайын чыгарып алды. Мунун негизинде тышкы саясатыбызга чоң залал келди. Атамбаевди абийи мырза Р.Эрдоган анын жанына олтурмак турсун, көрөйүн деген көзү жок абалга келип калды. Казакстан, Өзбекстандын лидерлери менен да мамилеси бузулду. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн лидерлери аны «Көчмөндөр оюндарын» алды менен өткөргөнүнө карабай мурдагысындай кабыл албай калган. Алар «Көчмөндөр оюндарын» андан ары улантуу үчүн эстафетаны Атамбаевдин колунан алгылары келбей коюшту. Экономикалык жаатта таптакыр өсүштүн жоктугу да анын аброюнун түшүшүнө алып келди. Эң эле аты аталып, эл оозуна алынып келген Датка–Кемин, Бишкек ТЭЦ долбоорлору, жолдорду куруусу миллиондогон доллардын таланып-тонолушу менен аяктагандыгы жөнүндөгү маалыматтыр аны жана командасын элдин ишеничинен чыгарды, абийирин айрандай төктү. Атамбаев өзүн экс-президент катары тааныгысы келбегендиги да анын коомдогу салмагын банкроттук абалга алып келди. Ал бүгүнкү турмуштук реалдуулукту аңдап биле албай, тааный албай калган саясатчыга айланып, өзүнө ылайык дүйнөнү чийип алган картина менен жашап калгандыгы, аны жалгыз калтырды. Атамбаев бүгүн жалгыз калды. Экс-президент Атамбаевди Кыргызстандын эгемендүүлүгүн белгилеген салтанатка жана Көчмөндөр оюнуна баруусуна оңтойсуздуктарды жаратып, аны бул салтанаттарга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты. Бирок, экс-президент катары Атамбаев барууга милдеттүү болчу. Ал элдин ынтымагы үчүн баардык таарынычтарды жыйыштырып коюп президент С.Жээнбеков, экс-президент Р.Отунбаеванын жанында турууга милдеттүү эле. Атаганат, бирок экс-президент А.Атамбаев бул вазийпасын аткара алган жок.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: